Нарын. Нарын шаарында Ооган согушунун ардагерлеринин урматына волейбол боюнча мелдеш өтүүдө
Бүгүн, 13-февралда Нарын шаарындагы №5 жана №7-орто мектептеринде Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 24 жылдыгына карата волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. 1979-1989-жылдары Ооган согушуна катышкандардын жана ал жерден советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 24 жылдыгы 15-февралда белгиленет. Жоокерлердин эрдиктерин даңазалоо, ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган бул мелдеш 3 күнгө созулуп, 25 команда күч сынашат.
Бул иш-чаранын байге фондуна жергиликтүү бюджеттен 16 миң сом бөлүнгөнүн билдирет мэрия.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:05
2026-11-04
11:30
2026-11-04
9:19
2026-11-04
16:35
2026-11-03
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















