super.kg logo
  Саясат  

Ата-Бейит. 7-Апрелде уулун жоготкон эне жан сакчыларынын тосконуна карабай президент Алмазбек Атамбаевге кат берүүгө үлгүрдү (фото)

 
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1937-1938-жылдары саясий репрессияга туш болгондорго арналып тургузулган эстелик
Апрель окуясын эскерүү алгач "Ала-Тоо" аянтында өтүп, андан соң "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде улантылды.
Эскерүүгө 500дөй адам катышты.
Апрель окуясында курман болгондорго куран окулуп, алардын элесине арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюлду.
7-Апрель окуясында уулунан ажыраган эне президент Алмазбек Атамбаевге кат берүүгө үлгүрдү.
2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй алдында 88 жараныбыз курман болгон. Бирок андан кийин беш жылдын ичинде да алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумушту.
Апрель окуясында каза болгондордун жакындары да маркумдардын эстеликтерине гүл коюшту.
Бүгүн, 7-апрелде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-Апрель окуясын эскерүү иш-чарасы өттү. Бул жерге мамлекет жетекчилиги: президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, спикер Асылбек Жээнбеков, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева жана экс-президент Роза Отунбаева келди. Эскерүүгө жалпы 500дөй адам катышты.
Иш-чарада 7-Апрель окуясында уулунан ажыраган эне президент Алмазбек Атамбаевге кат бермекчи болгондо, мамлекет башчынын жан сакчылары энени өлкө башчыга жолотпоого аракет кылышты. Бирок президент колун сунуп эненин колунан кызыл кездемеге оролгон катты алды.





7-Апрелде курман болгондордун жакындары баатырларды жоктоп ыйлашты

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: