Ош менен Гомель шаарлары кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар
Ош шаарынын мэриясынын делегациясы Беларусь мамлекетине иш сапары менен барды. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты.
Маалым болгондой, делегацияны мэриянын орун басары Масуда Айдарбекова жетектеди. Сапардын жүрүшүндө Гомель шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Константин Исаченко менен эки тараптуу жолугушуу өттү.
"Делегация мүчөлөрү Гомель шаарындагы саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин иши менен таанышып, «Спартак» кондитердик фабрикасына барышты. Жолугушууда эки шаардын ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды", - деп кошумчалады мэриядан.
Белгилей кетсек, форум 9-10-ноябрь күндөрү Минск шаарында өтүүдө. Анын негизги максаты Кыргызстан менен Беларустун аймактарынын ортосундагы экономикалык жана өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө болуп саналат.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















