Жол кырсыгына күбө болгон эгиздер камалып... Садыр Жапаров ИИМге тапшырма берди (видео)
Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-ноябрда Чүй облусуна караштуу Москва районунун тургундары менен жолугушуп, анда Ак-Башат айылынын тургуну Жаныбек Молдалиев жеке маселеси менен кайрылды.
Ал 2025-жылдын ноябрь айында болгон жол кырсыгына байланыштуу эгиз уулдары камакка алынганын айтып, жардам сурады. Анын айтымында, балдары кырсык учурунда унаанын жүргүнчүлөрү болушкан.
Президент Ички иштер министрлигине окуяны тактап, эгер алар чындап эле жүргүнчү болушса, камактан чыгарып, тергөөнү улантууну тапшырды.
"Эгер жүргүнчү болгон болсо, карагыла. Кээ бир адамдар биринчи жардам көрсөтө алышат, кээ бири көрсөтө албайт. Шок абалында болушу мүмкүн. Эки эгиз баласын чыгарып коюп, тергегиле",- деди мамлекет башчысы.
Жол кырсыгына күбө болгон эгиздер камакка алынганбы?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:43
2026-11-09
11:41
2026-11-09
11:14
2026-11-09
22:01
2026-11-08
11:14
2026-11-07
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















