Эмил Жамгырчиев президенттик шайлоого талапкерлигин коёбу? (видео)
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Күз күрөш демекчи, өлкөбүздө саясий күрөш башталды. Убагында Камчыбек Ташиев тарабынан саясий бут тосууларга учурагам, бул иш боюнча укук коргоо органдары чара көрбөгөн. Ар бир адам мыйзам алдында жооп бериши керек. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун ар бир жарандын шайлоого катышуу укугу бар деген билдирүүсүн эске салып, талапкерлигимди коюуга ниеттенип жатам. Ал шайлоо адилеттүү, ачык-айкын жана мыйзам чегинде өтөрүнө ишенем!",- деп маалымдады өз кайрылуусунда.
Эскерте кетсек, азырынча БШКга 5 жаран президенттик шайлоого катышуу үчүн арызын берди.
Эмил Жамгырчиев
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















