Бекболсун Бөрүбашев: “Мыйзам боюнча "ата журтчу" депутаттар СИЗОго камалбашы керек болчу”
“Азыркы Конституция боюнча депутатты күнөөсү аныкталмайынча камакка алууга болбойт”. Бул тууралуу 15-февралда "Ата Журт" партиясынын 3 депутаты боюнча өтүп жаткан сотто кошумча күбө катары көрсөтмө берген Бекболсун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, 3-октябрдагы митингде Камчыбек Ташиев Чынгызхан тууралуу сөздү мисал келтирүү үчүн гана сүйлөгөн. “Депутаттар күнөөсү аныкталмайынча камалбашы керек болчу. Мен ЖОЖдо окутуучу жана юридика илимдеринин докторумун. Бул мыйзамды азыр 3-4-курстун студенттери да билет”,- деди Бөрүбашев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















