super.kg logo

Малайзияда авиакырсыктан каза тапкан Айдана Байзиеванын сөөгү бүгүн Бишкекке алынып келинди

 
Малайзияда авиакырсыктан каза тапкан Айдана Байзиева.
Малайзияда авиакырсыктан каза тапкан Айдана Байзиева.
Маркум Айдана Байзиеванын эжеси Наталья Байзиева.

Малайзияда авиакырсыктан каза тапкан кыргыз жараны Айдана Байзиеванын сөөгү бүгүн, 10-апрелде Бишкекке алынып келинди. “Жүк 200дү” тосуп алууга маркумдун туугандары келишкен. “Бул биз үчүн чоң жоготуу болду. Айла жок, Айданабызды жоктоп кала бердик. “Жүк 200дү” Бишкекке алып келүүгө жардамдашкан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигине ыраазычылык билдиребиз”,- дейт Айдана Байзиеванын эжеси Наталья Байзиева.

Маалыматка таянсак, Айдана 8 жашар кезинде апасы кырсыктан каза тапкан (1998-жылы поезд сүзүп кеткен). Өзү Малайзиядан жогорку билим алып, атасынын жардамы менен ошол өлкөдө бизнес баштаган. Авиамектептен тик учак айдоо боюнча да билим алганы айтылды. Бирок кырсыкка кабылар күнү конок катары же учкучтун жардамчысы катары тик учакта болгону аныктала элек. А.Байзиева үй-бүлөдөгү жалгыз кыз болгон.

Эскерте кетсек, 4-апрелде Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында тик учак кулап, кырсыктан тик учакта болгон 6 адамдын баары каза табышкан. Алардын арасында өлкөнүн жергиликтүү аткаминерлери да болгон. Тик учактын учкучу АКШнын жараны, калган 4 адам Малайзиянын жарандары экени кабарланган. Алар Малайзиянын премьер-министринин кызынын тоюнан кайтып келе жатышканда кырсыкка кабылышкан (Малайзиянын премьер-министринин кызы Нурсултан Назарбаевдин бир тууганынын өгөй баласына турмушка чыккан).






Малайзияда авиакырсыктан каза болгон Айдананын сөөгү Бишкекке алынып келинди

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(31)
10.04.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаткан жери жайлуу болсун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: