Президент 5-июнда төрөлгөн үч эмге жардам берди

Президент Алмазбек Атамбаев 5-июнда төрөлгөн үч эмге жардам берди. Бул тууралуу 16-июнда SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, 14-июнь күнү мамлекет башчы үч эмди жарыкка алып келген Бактыгүл Камчыбек кызына жардам катары өз каражатынан 100 миң сом бөлүп берген.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Буга чейин кыргыз өкмөтү да аларга жардам катары 100 миң сом которуп берген.
Кошумчалай кетсек, Бактыгүл Камчыбек кызы бир уул жана эки кызды 5-июнда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жарыкка алып келген. Ушул эле күнү саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жаш эненин жардамга муктаж экенин айтып чыккан. Министрдин айтымында, үч эмдин энеси кош бойлуу учурунда жолдошу менен ажырашып кеткен. Андан кийин кайын журту кабыл албай, Бишкекке келген. Борбордо өзүнүн туугандары жок болгондуктан, мечиттердин биринде баш калкалап келген.
"Барарга жерим жок" дейт үч эмдин энеси
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мелис Маматкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Кудайым озу колдосун
Суйлошуп, чогулуп чечели.