super.kg logo

Kесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды

 

Бүгүн, 16-сентябрда, Агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен DARYA регионалдык долбоорунун эксперттеринин жолугушуусу өттү.

Аталган министрликтен билдиришкендей, жыйында кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, кесиптик стандарттарды өркүндөтүү жана формалдуу эмес билим берүүнү таануу маселелери талкууланды.

Ошондой эле 2024-жылдан бери Кыргызстанда пилоттук негизде колдонулуп келе жаткан SCAFFOLD методологиясынын жыйынтыктары тааныштырылды. Учурда ал 5 кесиптик лицейде апробацияланып, 1868 педагог жана 7800дөн ашуун окуучу камтылган. Өлкөнүн жети облусунда 200дөн ашуун окутуу иш-чарасы өткөрүлгөн.

Тараптар SCAFFOLD методологиясын бардык кесиптик лицейлерге жайылтуу, педагогдордун жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин компетенцияларын жогорулатуу, ошондой эле жумуш ордунда окутууну өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Агартуу министрлигинин өкүлдөрү кесиптик даярдыкты эмгек рыногунун талаптарына ылайык жакшыртуу жана долбоордун жыйынтыктарын туруктуу негизде улантуу маанилүү экенин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: