super.kg logo

"Дарыгерлер "адам болбойт" дешип, жаңыдан жарык дүйнөгө келчү уулумдан ажыратышты" дейт Бишкектин тургуну

 
Ушул тапта №2-төрөт үйүнүн дарыгерлери маалына жетпей төрөлгөн баланы карабай, ымыркай каза болгону тууралуу маалыматты интернет колдонуучулары талкуулашууда. Бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына берген маегинде каза болгон ымыркайдын атасы Эрмек Нургазиев окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Орозо айында дарыгердин компенсация төлөп беришин талап кылган жерим жок, алардын деле балдары бар. Мындай окуялар кайталанбасын, сабак болсун деп коомчулукка айтып жатам",- деген Эрмек Нургазиев 6 баласы бар экенин айтат.
 "5 кыз, 1 уулум төрөлгөндө ушундай окуялар болгон эмес эле. Эгиз кыздарымдын бирине дарыгерлер өз убагында жардам көрсөтүп, аман алып калышкан. Бул жолу да жардам берет деп ойлогом.
Келинчегим 25-июнда "кан келип жатат, сактап калуу үчүн ооруканага жатайын" дегенде, "мени күтпөй №2-төрөтканага бара бер, мен артыңдан барам" дедим. Келгенде аны операцияга алып киришкенин угуп, бир саат күттүм. Кабар жоктугунан бир нерсе болгонун сезип, 2-кабатка көтөрүлсөм, дарыгерлер "сабыр кылыңыз, баланы сактап кала албадык" дешти. Аялым наркоздон кийин эле "Балам кандай?" дей бергенде "дарыгерлер карап жатышат" деп эптеп алаксыттым.
Баламды көрүп, коштошуп алайын десем, жандандыруу бөлүмүнө алып барышты. Ал жердеги аппаратта бир наристе жатыптыр. Башка столдун үстүндө бир чүпүрөк жабылып, эч кандай жардам албаган абалда менин балам жаткан. Барып өпсөм балабыз кыймылдап кетти. Анын тирүү экенин айтканымда реаниматолог Арзыкан Жайнакова бала өлүү төрөлгөнүн айтып кирди. Андан кийин оозуна ылайык келе турган түтүкчөнү издеп жатканын айта баштады. Баламды кара деп 1000 сом бергенимде бат эле аппаратка туташтырып, түтүк тапты. Операциядан 1,5 саат өткөндөн кийин гана аппаратка туташтырышты. Андан кийин балабыз 2 саат жашады. 6 айлык болчу. 900 грамм салмак менен төрөлдү. Негизи, практикада 500 грамм болуп төрөлгөн балдарды да сактап калууга аракет кылышат экен.
Операция жасаганы үчүн акча бериш керек дешкенде 2000 сом бердим. Келинчегиме дары-дармектерди алып келиш керек болуп, баламды дарыгерлерге калтырдым. Алар бала көп болсо 1 саат жашайт дешкен, ал 4 саат жашады. 
Балабызды жерге бергенден кийин, өз учурунда жардам көрсөтпөгөн дарыгерлерге чара көрүү боюнча милицияга арыз жаздым. Дарыгерлердин шалаакылыгынан балабызды сактап кала албадык. Алар кечирим сурашты, бирок өздөрүнүн салкын мамилеси боюнча жөндүү жооп беришкен жок",- деди.

№2-төрөтканада иштеген реаниматолог Арзыкан Жайнакова менен телефон аркылуу байланыштык. Ал: "Ошол күнү мен нөөмөттө болчумун. Ал балага бардык жардам көрсөтүлдү. 5,5 айлык деген бул өтө эле аз",- деди. 
Окуя боюнча кененирээк маалыматты администрация менен макулдашкандан кийин берерин айтып, бирок биз аталган төрөтканага барганыбызда жооп берүүдөн баш тартты. Ал эми төрөткананын кызматкерлери окуяны иликтөө боюнча комиссия түзүлгөнүн билдиришти.

кошулду





Ата: "Дарыгерлер өлдү деп таштап койгон баламды өпсөм кыймылдап жиберди"

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(52)
01.07.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Беш жарым айлык бала эмес,жети айлык баланы аран сактап калышат ко.
03.07.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni., вакумдан сактап калса болот,ара торолгон бала вакумда 9 айга чейин жатат.
01.07.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көз карашымды айтам деп кесир сүйлөп алмай жайым бар. Кайдыгер дарыгерден, башкысы ооруп калуудан Кудай сактасын.
01.07.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан кошо барбайт белениз? мумкун мындай болбой беле
01.07.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
реаниматолог эмнеге жооп беруудон качты кызык
01.07.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да болсо тагдырдын буйругу.Ак халатчандарды дале куноологондун кереги жок кудайым мандайына не жазса ошону корот экенбиз пенделер.Ак халатчандар канчалаган адамдарды ар кандай жаман дарттардан сактап калышат .Бирок бир тоголок бир карын майды чиритет болуп анча мынча шалаакы врачтар баардые врастардын атын булгап жатышат.Мен врачтарга абдан ыраазымын .
01.07.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сактансан сактаармын деген экен Аллахым. Озу этият болсо болмок, кан кеткенче жумуш кылбай...
02.07.2015. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айрым врачтардын кайдыгерлигинен мындай окуялар коп катталууда. Бюрократизм жок дегенде оорукананда жок болсо жакшы болмок.
02.07.2015. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kichinekei srokto barganda kopchuluk uchurda balany abort kylyp alyp salyshat,antkeni al uchun akcha toloisun,al emi saktap kaluu uchun bolnicaga jatsa je ozu toroso akcha ala albait.Bul nersenin baary akchanyn ayinan bolup atat.
02.07.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эжемин баласы бала болгон 6 айга откон экен
02.07.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Карабайсынбы муну качан гана 1000сом бергенден кийин анан баласына жасалма дем алдырууну туташтырганын.Оздору деле аракет кылып корушсо болмок да.Кайдыгерчилик деген бул. Гипократтын анты ургурлар!
SUPER.KG видео
02.07.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бети жоктор
SUPER.KG видео
02.07.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булак доктур эмес эле жан алгыч болуп калыштыгоо
02.07.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы иш кылбаптыр
SUPER.KG видео
02.07.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урдум ушул дуйнону. Кун сайын олум, кырсык! Акчага азгырылган адамдар. Бул акмактарды камаш керек. Коздору тумандап калган. Ант ичпей, уу ичиркирлер. Кудай баланы бергенден кийин, экинчи омурун силер сакташынар керек болчу. Акча десе олосунор. Кудай башынарга салсын.
SUPER.KG видео
02.07.2015. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта суйлогон созун кара ешикти жаап кой деп тим еле куноолу да ошого. Болбосом жакшына еле камераны карап жооп берип койушмак да.
Медиа-портал
02.07.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен уч баламды 2-торот уйунон торогом врачтары аябай жакшы болчу
Медиа-портал
03.07.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уул төрөп алайын деген экен да байкуш эне, болбосо 6 баласы бар экен. Тилегин таш каптырыптыр, шалаакы дарыгерлер. Шалаакылыгы, ошолордун күнөөсү экени ачык эле көрүнүп турат го, өлдү деп таштаган бала атасы өпкөндө кыймылдаса, анан бир канча саат жашаса ...
Ajar. түзөттү 2015-07-03 10:05:42
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: