super.kg logo
  Саясат  

Малайзиялык журналисттер Бишкекке келишти

 
Малайзиялык журналист Суриаты Сануси борбор калаанын жолдорунда унаалар тыюу салынган жайларда токтотулгандарына таң калганын айтты.
Малайзиялык журналист Ох Чин Энг: "Кыргыз жеринин тоолоруна суктандым".

Бүгүн, 24-июлда Бишкекке Малайзиянын алдынкы медиа-холдингдеринин журналисттеринен турган делегация келди. "Манас" Эл аралык аэропортунан чет өлкөлүк конокторду Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов тосуп алды.

Делегациянын курамында “The Star” жана “Media Prima” медиа-холдингдеринин жана “Bernama” маалымат агенттигинин өкүлдөрү бар. Иш сапар алкагында алар кыргыз өлкөсүнүн маданий жана тарыхый жайлары менен таанышмакчы.

Малайзиялык журналист Суриати Сануси SUPER.KG порталына берген маегинде Бишкектин жолдорундагы тартипсиздикке таң калганын белгиледи. Айрыкча жолдордун боюнда турган көптөгөн унаалар чет өлкөлүк конокту таң калтырыптыр. Малайзиялык журналист Ох Чин Энг кыргыз жеринин салкын абасы жана бийик тоолору суктандырганын айтып, иш сапарынын алкагында өлкөнүн ажайып жайларын чагылдырган репортаждарды даярдап берерин баса белгиледи.

Айта кетсек, чет өлкөлүк коноктор КРнын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен келишти. Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада көрсөтүү жана тааныштыруу.

Быйыл 6-июнда тажрыйба топтоп келүү үчүн мамлекетибиздин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Малайзияга барышкан эле. Ал жакта журналисттер Малайзиядагы алдынкы ММКларда болушкан.


кошулду





Малайзиялык журналисттер Бишкекке келишти

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: