"Эки бөйрөгү иштебей..." Тургун президентке милиция кызматкерлеринин үстүнөн даттанды (видео)
Чүй облусунун Москва районунун тургуну Сүйүнбү Базаркулова уулун милиция кызматкерлери бейкүнөө сабаганын айтып чыкты. Ал окуя боюнча бүгүн, 8-октябрда президент Садыр Жапаровдун аталган аймактагы эл менен жолугушуусунда билдирди.
Базаркулованын айтымында, учурда уулу эки бөйрөгүнөн жабыркап, гемодиализ кызматын алып жатат. Ал болгону 33 жашта.
"Балаңызды бирөө уруп коюптур деп эле алты жарымда мага (ред.:Сокулук РИИБ) кошуп беришти. Балам ал жактан келе жатып "Апа мени таң атканча милициялар эле сабай берди. Жумуштан келе жатканда салып кетишти. 2 беренени мойнуңа илебиз деп сабай берди" деп айтып жатпайбы. Учурда баламдын эки бөйрөгү тең иштебей калды", - деди тургун.
Президентке алгач ИИМден маалымат берилди. Бирок бул ишти өлкө башчысы Аскер прокуратурасына тапшырып, иликтөө жүргүзүү керектигин буйруду.
"Эки бөйрөгү иштебей..." Тургун милициялардын үстүнөн даттанды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















