super.kg logo

Малайзиялык журналисттер "кыргыздар акчанын артынан куубай, шашпай жашайт экен" дешти

 

24-29-июль күндөрү кыргыз жери менен таанышкан малайзиялык журналисттерге бүгүн, 30-июлда маалымат жыйынында "Малайзиянын эли кыргыздардан эмнени үйрөнсө болот?" деген суроо берилди. "The Star"
медиахолдингинин журналисти 
Ох Чин Энг кыргыз жеринде үй-бүлөлөр ортосундагы достук абдан бекем экенин белгиледи. "Ысык-Көлдүн жээгинде ата-энелер балдары менен жыргап эс алышканын көрдүм. Ушуну биз сиздерден үйрөнсөк болот. Мындан тышкары тамактануу учурунда кыргыздар тамак-ашын жеп бүтүп, анан шашпай сүйлөшүшөт экен. Биз болсо тамактануу учурунда эле кыйкырып сүйлөшөбүз",- деди Чин Энг.

"Малайзияда ар бир адам акча үчүн чуркап, убакыт тез өтөт. Кыргыз эли акырын басып, эс алып жашайт экен. Ушуну да үйрөнсөк болот сиздерден. Акчанын артынан чуркабай, мезгил-мезгили менен Малайзия эли да эс алса болот",- деп кошумчалады журналист.

“Bernama” медиамекемесинин оператору Хайрул Икхван ар бир өлкөнүн кемчиликтери болорун белгиледи. "Жашоодо бардыгы идеалдуу болбойт да. Туризм тармагындагы кемчиликтерди жоюу үчүн интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жазып жарыялап турсак, бул маселени чече алабыз",- деп сунуштады Икхван.

Айта кетсек, 24-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигинин чакыруусу менен өлкөгө “The Star”, “TV3 Malaysia”, “Bernama” аттуу 3 ири малайзиялык медиамекеменин журналисттери келишкен. Алар: кабарчы Ох Чин Энг (“The Star”), фотограф Онг Сун Хин (The Star”)кабарчы Азария Тагайа (“TV3 Malaysia”), оператор Ахмад Азизи бин Аднан (“TV3 Malaysia”), кабарчы Суриати Сануси (“Bernama”) жана оператор Хайрул Икхван бин Жаафар (“Bernama”).

Иш-чаранын максаты - Кыргыз Республикасын эл аралык аренада даңазалоо.






Кыргызстан малайзиялык журналисттердин көзү менен

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мелис Маматкулов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
30.07.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чоң көз айнекчен мырза (пиджакчан) жылмайып эле турат экен, бардык жерде, бардык сүрөттөрдө...
Кыргыздар айтмакчы, маңдайы жарык экен...
30.07.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озубузго билинбеген мыкты сапаттарыбыз ото коп,озубузду барктай билели!Кандай Керемет Элибиз-Жерибиз бар!Бар бол Кыргызым кылымдарды каарыта бер!
30.07.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Жүз миңдеген кыргыздардын акчанын айынан "тентип" жүргөнүн билбейт да байкуштар. Ыссык-Көлдө эс алып жүргөн 4 кыргызды көрүп, жалпы кыргыздар ушундай шашпаай өмүр сүрөт деп калган тура.
02.08.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazar,Туптуура айттын. Ким каалабасын беймараал жашону эс алууну. Учурда кокуй светин акчасы, эки уч кредит, аренда дегендер тынч уктатпай жатпайбы.Эл иштеп аракет кылып жатат бир гана мамлекет окулдору кайдыгер Кыргыз элинин онугушуно. Карызга акчаны алып эле жатышат алып эле жатышат же бир олуттуу нерсени кылышса кана. Качан бир акылдуу корогоч элин ата журтун ойлогон президенттуу болобуз.
30.07.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Какшыктап айтышкан жокпу
30.07.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kirgizstan, мен да ошентип ойлодум. Анткени азыр акчанын артынан куубаган кыргызды көрө элекмин) Баары эле жан үрөп, тытынып иштеп жүрүшөт.
30.07.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздардын чыныгы жашоосун билгинер келсе,элет жерлерин кыдырып,таанышсанар болот.
30.07.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мери. Тааныштырып койойунбу ал коз айнекчен бала менин байкем болот. (тамаша)
30.07.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Давно эле акчанын артынан кууп калганбыз,элибиз да меймандос болбой калган уже. Акчан болсо меймандостугубузду коргозобуз,жок болсо бироонукуно бир кун жашап коргулочу,кандай эле кууп чыкбайт экен.
30.07.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
россияда иштеп акчаны кууп анан ыссык колго барып алып кээнири эс алып атканда коруп калышыптырда акчанын айынан кантип иштеп жургонубузду билишпейтда
тамактанып алып шашпай суйлошуп отурган чын бир ысык чай ичели деп койуп ((
30.07.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар кайсы өлкөлөрдө акчанын артынан кууп жетпей жүрөбүз го.
30.07.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кайсы өлкөлөрдө акчанын артынан кууп жетпей жүрөбүз го.
30.07.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетпеген жашоонун айынан,акчанын артынан кууп жетпей жинди болгону калдык го.Айылда элдер эс алганга убактысы жок.бири тоодо уй саап курут сатып,бири мал карап,бири айылда чөп чаап кымкуут түшүп аткан маал.
30.07.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
шугур кылбасан миллиард акчан болсода дагы болсун дагы дейбересин.
30.07.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчанын артынан куубай, бейкапар жашаган да кыргыз болот экен да ээ тообо кылдым
30.07.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
вохахаха,10кыргыз ыссык колдо,калган миллион кыргыз россияда тытынып акчаны артынан журот,ата энеси балачакасынан алыс болуп,какшыктап суйлоптур
30.07.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээ булар туурамес тушунуп алышкан турбайбы.ал эс алып жаткандар ошо акчанын артынан кууй берип чарчагандарда.А биз болсо даагы деле кууп журобуз.
Медиа-портал
30.07.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жетип алыныздар дагы дагы коп коп келип турунуздар.
SUPER.KG видео
30.07.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир өлкөдөгү элчиликтерибиз ушундай сыяктуу иш - чараларды уюштурушса эң сонун болмок . Кыргызстанды таанытканга шарт , мүмкүнчүлүк болот . Кылычбек Султанов азаматсыз , акчанын көзүн карабайт , жеке өзүн гана ойлобойт бул киши .... Мекенибиз үчүн сиздей иштеген инсандар көбөйсүн !
31.07.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Малвйзия олкосуно барганда элдерин коруп ойлогом шашпай жашашат экен деп.магазинде очередь кутуп турганда карабай астына отуп кетсен эч нерсе дешпей тура беришет даже автобуска да узун очередьке туруп туртушпой киришет.
31.07.2015. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлошкондорун угуп турсан п тамгасын коп колдонушат.кыргыз тилинде кайсы тамганы коп угасынар десем ч тамгасын дешет
31.07.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош базарыбыздан намыстанбай эле койгула аларда деле ушундай базарлар бар чет жактарында
31.07.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл кайсы акчанын артынан куусун эми, "чиновниктерибиз" эчак эле кууп жетип алып коюшса.
31.07.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким оздорунун элдерине салыштырмалуу айтып жатышкандыр. Ал жактын элин биз билбейбиз да. Бирок чындап келгенде биздин эл шашпай жашашат. Мен билген европада баарын пландап алышып ошонун аркасынан кууп журо беришет.
Медиа-портал
02.08.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылыч аганын мыкты менеджерлиги,иш билги сапатын жогору баалайм.Азаматсыз,көз тийбесин!! ар дайыма мекен үчүн эмгек жасай бериниз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: