Өлкөдө жеңилдетилген ссудага муктаж 9354 үй-бүлө бар
Кыргызстанда жаратылыш кырсыгынан жабыркаган үй-бүлөлөргө жеңилдетилген ссудаларды берүү үчүн 1,8 миллиард сом керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Турдубек Мамбетов агенттиктин коллегиялык жыйынында билдирди. "Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жана жеңилдетилген ссудага муктаж болгон 9354 үй-бүлө бар. Болжол менен аларга 1 миллиард 841 миллион сом керек болот",- дейт Мамбетов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















