super.kg logo

Боомдо жол буулганда кыйналган элдин эсебинен пайда табууга шашылгандарды кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү болду

 
Толгонай Таалайбек кызы, август айынын жеңүүчүсү
Жакында Боом капчыгайында трассага шагыл көчүп түшүп, Бишкек-Каракол жолу бир нече саатка жабык турду. Күтүүсүз кырсык жол жүрүүчүлөрдү бушайман кылып, шашылыш бараткандар да жолдун ачылышын күтүүгө аргасыз болушту. Бирок жолдун буулганына кайыл болуп, "кырсыктан Кудай сактады" деп турган жүргүнчүлөрдүн эсебинен пайда көрүп калууга шашылган адамдар болду. Тагыраагы, жол буулган жерге жетип келишип, тамак-аш, суусундуктарды өз баасынан эки эсе кымбат сатышкан соодагерлер чыкканын окурман SUPER.KG порталына кабарлаган. 
Бишкек шаарынын тургуну Толгонай Таалайбек кызы мындай жат көрүнүштү байкап, биринчилерден болуп кабарлоонун артынан SUPER.KG порталынан заманбап смартфон утуп алды. Жол тосулуп, талаада ачка тургандар кымбаттыгына карабай керектүү тамак-ашын сатып алышканын, кыргызга таандык пейил бузулуп, улуу элдин урпактары акчанын кулуна айланып бара жатканын айтып кабар жөнөткөн Толгонай Таалайбек кызын SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши август айынын жеңүүчүсү деп тапты. 
Жарандарды чоң кырсыктан Кудай сактады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү Транспорт жана коммуникация министрлигинин айынан түшкөнүн айтып чыкты. ӨКМнын башчысы Кубатбек Боронов Транспорт жана коммуникация министрлиги тоодон көчкүнүн түшпөшү үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатканын, ошол күнү алар тоонун ылдый жагын тазалап жатканда үстүнкү бөлүгү көчүп кеткенин, бул тууралуу элге эскертүү берилбегенин айтып сындады.
Транспорт жана коммуникация министрлиги көчкү боюнча атайын жумушчу топ түзүлөрүн, анын ишинин жыйынтыгы менен гана көчкүнүн себеби айтыларын маалымдап кутулду. ӨКМ жолдо калган жарандарга суу жеткирилерин да жарыялаган, бирок жеткирилген суу ал жерде иштеген жумушчуларга гана берилип, жарандарга жетпей калганы белгилүү болду. 
Кыйынчылыкта бири-бирине жардамдашуу, мурунку таарынычтарды унутуп, кыйналып турган кишиге кол сунуу - кыргызга таандык мыкты сапаттардын бири. Кырдаалдын ушул жагынан караганда Боомго келишкен соодагерлер товарын эки эсе кымбат сатууну эмес, азап тартып тургандардын курсагын тойгузуп, суусунун кандырууну биринчи орунга коюшу керек эле. Бирок андай болбогону көрүндү. Балким, бул айрым адамдардын гана кемчилигидир. Кыйын күндөрдө боорукерлик, тилектештик деген сапаттар абадай зарылдыгын, мындайда жабырлануучуларды буттан тартпай, өйдө түртүү керектигин ар бирибиз ойлоно жүрүшүбүз керектир?
Кеңсеге белегин алып кетүүгө келген жеңүүчү менен баарлаштык.
- Толгонай, куттуктайбыз! Жеңүүчү болгондогу сезимдер кандай экен?
- Сонун да. Жумушта жетекчимдин бөлмөсүнө кирип бараткан учурда сүйүнчүлөдүңөр. Сүйлөшкөн бойдон жетекчимдин алдына чейин кирип барыпмын, дароо эле ким менен сүйлөшүп жатканымды сурады. "Белек утуп алдым" десем эле "Даректериңди сураштыбы? Паспортуңдун номерлерин сураса бербе" деди. Мурда "соткама бирдик салып кой" деген алдамчылардын тузагына туш болгондуктан, башында бир аз кооптонуу болду. Анан сүйлөшүп бүткөндөн кийин чын экенине ишендим. 
- Боомдо жол тосулуп, элдин баары көчкүнү, жолдун тезирээк ачылышын карап турганда сиз эпчил соодагерлерди кантип байкап калдыңыз? 
- Эмгек өргүүм бүтүп шаарга келе жаткан элем. Боомдо жол тосулуп, тыгында турсак бирөөлөр суусундук, майда-чүйдө нерселерди алып келишип сата башташты. Эки-үч эсе кымбат сатышты, акчасы көптөр үчүн, балким, билинбегендир, бирок жарым литр сууну 50 сомго сатып алуу карапайым жүргүнчүлөр үчүн кымбат эле да. Акырында балдардан канча суу сатканын кызыгып сурасам "25 блоктой суу саттык" дешип маанайлары жайдары кайтып кетишти.  
- Суусундуктарды кымбат саткандарга жүргүнчүлөр унчугушкан жокпу?
- Суусундуктардын, самсалардын кымбат экенин айтып нааразы болгондор болушту. Бирок "сокурдун тилегени эки көз" дегендей, адамдар суусуз жашай алышпайт да. Көпчүлүгү сатып алып жатышты. Ал тургай Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй алып келе жаткан өрүктөрүн сатып акча иштеп калгандар да болду. Өздөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлошту. Мейли, 5-10 сомго кымбат сатышсын, бирок 2-3 эсе кымбат сатышканы туура эмес да. 
- Анан дароо сүрөткө тартып жибере салдыңыз...
- Ооба. Негизи, биздин машина көчкү түшкөн жерден кыйла алыста болчу. Мен кырдаалды сүрөткө тартып, "Элдик кабарга" жибериш үчүн атайын басып келгем. Ал жерден интернет кармабайт экен. Баары бир жетет деп жиберип койгон элем, Боомдон чыккандан кийин жеткени тууралуу телефонума белги келди. 
- Рахмат, биз менен байланышып туруңуз. 
- Сиздерге да рахмат. Аябай кубанычтамын. Мындай белек ар кимге эле буюра бербейт эмеспи, мен бактылуу экенмин. 
Эсиңизде болсо, быйылкы жазда SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүндө "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp же Viber аркылуу кабар жөнөтүп, ай сайын заманбап смартфон утуп алыңыз!" аттуу сынак старт алган. Мыкты кабар жөнөткөн окурманды редакция ай сайын аныктап, жеңүүчүгө заманбап смартфон белек кылууну убадалаган. Мезгилдин өтүшү менен окурмандар портал менен байланышын бекемдешип, "ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp жана Viber аркылуу +996 557 47-39-39 номерине көптөгөн кабар жөнөтүүнү улантышууда. Турмуштук көйгөйлөр: таза суунун жоктугунан айрым айылдын тургундарынын арыктан суу ичип жатышы, катуу ылдамдыкта унаа айдагандардын айынан кырсыктардын болушу, мыйзамсыздык, мамлекеттик ишкананын чатырында айрылган мамлекеттик желектин турушу, айтор, кызыгуу жараткан кабары менен активдүү бөлүшүү үстүндө.
Эскерте кетсек, апрель айында Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу 10-класстын окуучусу жеңүүчү болсо, май айында Оштогу үй кожойкеси Сабира Казамбекова жеңүүчү деп табылган. Июнь айында Орусияда иштеген Алина Мустапакул кызы, июлда Байысбек Жеңишбек уулу жеңүүчү болгон. 

кошулду





"ЭЛДИК КАБАРдын" август айындагы жеӊүүчүсү аныкталды

Автор: Бекжан Рыскулов, Максат Орозумбетов
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(31)
04.09.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо куттуктайбыз чын журоктон!!!!
04.09.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жүргүнчүлөрдүн эсебинен пайда көрүп калууга шашылган адамдар болду. Тагыраагы, жол буулган жерге жетип келишип, тамак-аш, суусундуктарды өз баасынан эки эсе кымбат сатышканын байкап калган окурман дагы жон калбай пайда коруу максатында шашылыш турдо суперге жонотуп смартфонду утуп тилеген максатына жетти.
shah_85 түзөттү 2015-09-04 17:04:31
04.09.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самсы эмес,самса деп айтылат.
04.09.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Секин бассан аксак дешет, катуу бассан таскак дешет))
04.09.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куттуктайбыз. От души.
04.09.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы экен! Эми бир ай татынакай кыздын суротун коруп турат экенбизда сайттан.
04.09.2015. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uli6886, кулдуросунда. Байкуш аябай суйунуп бактылуумун деп жибердиго.
04.09.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куттуктайбыз белегин куттуу болсун! Жуу эми,(тамаша).
Медиа-портал
04.09.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы кыз экен.) Эмгек оргуусунон деп айтты! Белегин кут болсун! Мындан аары жалан жакшы маалыматарды кабарлай бер!Ишине ийгиликтер!
Медиа-портал
05.09.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bosmos777, сулуу кыз экен, бирок эмгек эргуу эмес, эмгек оргуу деп айтылат.
04.09.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чалганда ошондо олгудой ишенди
SUPER.KG видео
05.09.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун!!!
SUPER.KG видео
05.09.2015. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алган белегин кут болсун,кырсыктардан алыс бололу!
Медиа-портал
05.09.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул кабардан эч кандай өзгөчөлүк көрө алган жокмун. Анткени тыгында турса суу, тамак аш жок болсо 2-3 эмес 10 эсе кымбат сатса деле алышмак
05.09.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Смартфонун кут болсун Толгонай!!!! Жакшы кабар угуп журо бер телефонунан!!!
Медиа-портал
05.09.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кут болсун.
05.09.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктаймын! кабар издеп журом эч эле окуяларга туш болбоймун. бир кун биз да туш болуп утуп алалы. албетте жакшы кабар учун.
SUPER.KG видео
05.09.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кут болсун
SUPER.KG видео
05.09.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда бул кабардан эч кандай өзгөчөлүк көрө албадым
SUPER.KG видео
05.09.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женишинер кут болсун аябай ачык айрым кыз экен ишине ийгилик
SUPER.KG видео
06.09.2015. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatynakai kyz eken,suikumduu:)menin 1 kurbuma okshosh eken,iygiliktuu bolup juro ber ylaiym.
06.09.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага ото жакты ущул кыз жылдыздуу и сулууу кыз экен.
07.09.2015. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинки женуучу мен боломун
07.09.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм жакшы жанылыктарды кабарлап журо бер
Медиа-портал
08.09.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен озунду отто кубанычта сезбегин канча адамдар кыйналып ал жерде сен озунду антип ойлобо тушундунбу!!!!
Медиа-портал
08.09.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боомдо кулап аткан топурак тартылыптырго ошого бериш керек болчу ушу кыз тарткан видео барбы корсо болобу,
Медиа-портал
09.09.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikyn93, саламатсызбы!
Кабары бар:
http://www.super.kg/kabar/news/121047/
Медиа-портал
10.09.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, куттуктайбыз
Медиа-портал
10.09.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктаймын сен уттун смартфон телефон биз качан утабыз
19.10.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуя салыштырмалуу жакшы суротолгон анткени ал кабарда жаман жагы айтылган! Ал эми ушул кабарды жакшы жагы мисалы: Ал жерде жашаган жергиликтуу жашоочулар элдердин кыйналганын коруп суусундук тамак ашты ошол жерге алып келип сатышты-десе эмне болмок?
19.10.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабардын жакшы жагы айтылса эмне болмок? Эгерде ошол тамак ашты сатпай койушканда эмне болмок? Элдер акчанын кулу эмес жалгандын кулу болгон тура!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: