super.kg logo

Белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин сөөгү жерге берилди (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкекте белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатууга президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, санаалаштары жана жакын туугандары катышты.
Өлкө башчысы “Ала-Тоо” аянтында өткөрүлгөн митинг-реквиемге катышып жатып маркум Турдакун Усубалиевдин өлкө үчүн жасаган эмгектерине токтолду.  
“Усубалиевдин учурунда айыл чарба секторунда, айрыкча мал чарбачылыгында чоң ийгиликтер жаралган. Жыл сайын республикадан 100 миң тоннадан ашуун эт, 40 миң тоннадан кем эмес жүн союздук республикаларга жөнөтүлүп турган. Ал башкарган 24 жылда республиканын ички дүң продукциясынын көлөмү 2,5 эсеге көбөйгөн. Анын учурунда Бишкектеги ЭЭМ, автомобиль жыйноочу заводдор, Оштогу ХБК, Кара-Балтадагы килем комбинаттары, Канттагы цемент-шифер, Токмоктогу айнек заводдору иштеп баштаган. Бишкектеги “Манас” аэропорту жана Лейлек, Нарын, Караколдогу аэропорттор пайдаланууга берилген. 
1985-жылы Турдакун Усубалиев кемчиликтери же катачылыктары үчүн эмес, борбор калаабызды оңдогону үчүн куугунтук көргөн. Турдакун Усубалиев жетекчи катары таза, адамгерчиликтүү, иштин көзүн билген адам болгон. Анын бул касиеттери азыр да баарыбызга өрнөк болууга тийиш”,- деди президент Атамбаев.
Ал эми замандаштарынын бири, мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов Турдакун Усубалиев жогоруда аталган ири долбоорлорду 6-7 жылдын ичинде эле ишке ашырганын белгиледи. Жакын тууганы Шамшыбек Медетбеков Усубалиев соңку айларда өтө катуу ооруп жатканда анын колунан тарбияланган шакирттери жана көрүнүктүү инсандар күн алыс келип кабар алып турушканын айтты.
Митинг-реквием жыйынтыкталган соң маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө, байбичеси Гүлжеке Усубалиеванын жанына коюлду. Акыркы сапарга узатуу митинг-реквиемине жана “Ала-Арча” көрүстөнүнө сөөгүн коюуга жалпы 3 миңден ашуун эл катышып, кезек менен ар бири топурак салды. Андан соң гүлчамбар коюлуп, куран окулду.  
Т.Усубалиев 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү узакка созулган оорудан улам 96 жашында көз жумду.
Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиев 1919-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун, 1945-жылы КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти, 1965-жылы В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Көп жыл мамлекеттик түрдүү кызматтарда иштеген.
1958-1961-жылдары Кыргызстан КПнын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы, 1961-1985-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, 1962-1984-жылдары СССР Жогорку Советинин 5 жолку, 1959-1985-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку, 1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 1-даражадагы Манас, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. Былтыр анын 95 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген.  

 






Турдакун Усубалиев жерге берилди

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
09.09.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун!
09.09.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун Оомийн!Роза Исаковна батышты дуурап кара шляпа кийбей кара же кок тустогу жоолук салынып албайбы.
KGstan81 түзөттү 2015-09-09 13:43:53
09.09.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KGstan81, Кыргызстан чыгаан уулунан ажырабатса шляпаны талкуулап эмне кыласын.
09.09.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жайлуу болсун!
SUPER.KG видео
09.09.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jatkan jeri jayluu bolsun
Медиа-портал
09.09.2015. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
козу откондон кийин мактап плошадька алып барып жолдун баарын жаап салып андай эле мындай эле деп айтып атышат чондорубуз ""анчалык жакшы корушот экен козу тируусундо мактап теле радиедон бербейби козу тируусундо сыйлап жолдун баарын жаап президент жанына алып журсо суйунбойт беле " эми козу отсо калп эле акча берип №тируусундо берсе суйунбойт беле
SUPER.KG видео
11.09.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 жаштагы чалды эмнеге жанына алып журот эле? Соз деп эле суйлой бересинер. Жакшы эле сыйда журду. Резиденцияда жашады омурунун аягына чейин...
Медиа-портал
15.09.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: