Азимбек Бекназаров: "Аксы окуясынын кайталанышына жол бербейли"
“Аксы окуясынын кайталанышына жол бербейли”,- деди Азимбек Бекназаров бүгүн, 7-мартта “Ата Журт” партиясынын 3 депутаты боюнча өтүп жаткан соттук отурумда. Бекназаров учурунда бийликтин буйругу менен камалганын, анда туура эмес өкүм чыгарган соттор бүгүнкү күндө сурак берип жатканын айтты. "Депутаттар эртеби-кечпи акталып чыгат. Жер-жерлерде боз үйлөр тигилип, алардын тарапташтары чогулууда. Мен жактоочулардын өтүнүчүн колдойм, алардын баш коргоо чарасын өзгөртүңүз”,- деди Бекназаров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















