super.kg logo
  Саясат  

"Бишкек мэрин шайлоо" ХРОНИКАСЫ: Бишкектин мэри болуп Албек Ибраимов шайланды. Ага 45 депутаттын 42си добуш берди

 

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өтүүдө.

Албек Ибраимов 1967-жылдын 1-июнунда туулган.

2002-2004-жылдары - "Кыргызавтомаш" ишканасынын аткаруучу директору;

2005-2006-жылдары - КРнын Өнөр жай, соода жана туризм министринин кеңешчиси;

2006-2010-жылдары - жеке ишкердик менен алектенген;

2010-2011-жылдары - Бишкек эркин экономикалык аймагынын директорунун милдетин аткаруучу;

2011-2012-жылдары - "Дастан" трансулуттук корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы;

2012-2013-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын башчысынын орун басары;

2013-2015-жылдары – "Манас" Эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы;

2015-жыл, апрель - "Манас" Эл аралык аэропортунун Директорлор кеңешинин төрагасы.

10:39. Борбор калаа жаңы башчылуу болду. Эми бишкектиктер мэрдин иштөө каалоосун, дареметин байкашат.

10:29. Албек Ибраимовдун талапкерлигине 1 гана депутат каршы добуш берсе, 2 депутат шайлоого катышкан жок.

10:27: Мэр шайлоого байланыштуу БШК 3 күн ичинде токтом чыгарат.

10:24: Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жаңы мэрге калпак менен чапан кийгизди.

10:17: Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп Албек Ибраимов шайланды. Ага шаардык кеңештеги 45 депутаттын 42си добуш берди.

10:15. Мэрликке талапкердин жүзүнөн толкунданып жатканы байкалып турат.

10:13. Бюллетендер салынып бүттү. Добуштарды эсептөө процесси башталды.

10:09. Шаардык кеңештин депутаттары бюллетендерди урнага салышууда. Мыйзамсыз аракеттер байкалган жок.

10:05: "Менин максатым - сиздер кабыл алган программаны ишке ашырууну улантуу. Бул программа чыныгы элдик болду. Мэриянын командасында көп профессионалдуу кадрлар бар. Ушул команда менен төмөнкү негизги багыттарда иш жүргүзөм:
Биринчиси - бюджетти оптимизациялоо. Экинчи багыт - жол маселесин чечүү. Үчүнчүсү - сейил бактар жана эс алуучу жайларды жакшыртуу. Ал эми төртүнчү багыт - шаардын архитектурасын жакшыртуу. Мындан тышкары коррупция менен күрөшүү багытында иш сапаттуу жүргүзүлөт",- деди мэрликке талапкер Ибраимов.

10:03. Эсептик комиссия түзүлүп, шайлоо иши башталды.

10:00. Бишкек мэрин шайлоо процесси башталууда.


кошулду





Бишкек шаарынын мэри болуп Албек Ибраимов шайланды

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: