super.kg logo
  Саясат  

Роза Отунбаева: "Революциянын жыйынтыгын чыгарыш үчүн дагы 60 жыл керек, тарыхта 6 жыл - бул деңиздеги бир тамчы"

 

"Тарыхта 6 жыл - бул эмне? Бул - деңиздеги бир тамчы. Дагы 6 жыл, 60 жыл өтсүн, ошондо революциянын жыйынтыгы көрүнөт",- деди журналисттерге бүгүн, 7-апрелде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-Апрель окуяларынын 6 жылдыгын эскерүү иш-чарасында экс-президент Роза Отунбаева.

"Революциядан 6 жыл эле өтсө, силер, журналисттер, "Кандай ийгиликтер болду?" деп кокодон алып жатасыңар. Өлкөбүзгө туруктуулук келди. Бийликке жаштар келишти. Мисалы, бүгүнкү күндө коррупциялык иштер ачыкка чыгарылып жатат. Ушундай таза эмес нерселерге коомубуз чыдай албайт. Ошондуктан былыктарын жашырып иштегендер муну билиш керек",- деп билдирди Отунбаева.

"Коомубуз таза болуш үчүн журналисттер кыйын болушу зарыл. Чындыкты бетке айтуудан коркпош керек. Өз өмүрү үчүн эч коркпош керек. Ооба, бир, эки, үч журналист каза болду. Бирок башкалар "өлкөдө баары жакшы" деп мактоо менен гана алектенишет. Акыркы мыкты журналисттик иликтөө качан болду? "Бул журналист коом үчүн салым кошту" деп биз айта тургандай журналисттик иликтөөнү жүргүзгөн адам барбы? 7-апрелде курман болгондор "коомубуз эми тазаланат, жаңыланат" деп жандарын беришкен",- деди экс-президент.






"Ата-Бейитте" маркум "апрелчинин" экинчи аялы менен эжеси батирдин айынан кайым айтышты

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: