Садыр Жапаров Кыргызстанды колдогон өлкөлөргө ыраазычылык билдирди
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө кылып шайлоодо колдогон мамлекет башчыларына ыраазычылыгын билдирди."Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргызстан эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз.
Биздин талапкерликти колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенибизди ырастайбыз. Кыргызстан шайлоо өнөктүгүнө татыктуу катышканы үчүн Филиппинге өзгөчө ыраазычылык билдирет",- деп жазды мамлекет башчы социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:52
2026-06-04
10:40
2026-06-04
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















