super.kg logo

SUPER.KG порталы Кыргыз Республикасынын элин Энелер күнү менен куттуктайт

 
Кыргыз Республикасында эртең, 15-майда Энелер күнү белгиленет. Энелердин жашоодогу өзгөчө ордун, ыйыктыгын жана бийиктигин эч кимибиз тана албайбыз. Өлкөнүн өнүгүшү жана туруктуулугундагы апалардын салымына, улуттук көрөңгөнүн учугун улоого байланышкан табигый улуулугуна таазим этип келебиз. ЭНЕ - адамзаттын тукумун улаган ыйык зат, мээримдүүлүктүн, чыдамкайлыктын, акылмандыктын символу. Дүйнөнү титиреткен каардуу падышалар да эне алдында баш ийип тизе бүгүшөт, энелердин бийиктиги ушунда.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты КРнын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова, ырчы Сайкал Садыбакасова, алып баруучу Эркин Рыскулбеков, Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиева, ырчы жана телеалпаруучу Гүлбү Ороскул кызы менен бирге энелерди, жалпы кыргыз элин майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, ачык асман, чың ден соолук, жакшылык, узак өмүр, ийгилик каалайт.
Сүйүнбай Эралиев
"Эне"

Дүлөй болуп калса да үнүңдү угат,
Сокур болуп калса да сени көрөт.
Сен жок болсоң санаа жеп, калып куурап,
Сен келгенде алгансыйт кайра төрөп.

Күтсө болот энеден укмуш жорук,
Мүмкүн болсо сен үчүн турмак ооруп.
Ал гана эмес, “Муну кой, мени алгын!” деп,
Ажалга да бармак ал сени коруп.

Турар Кожомбердиев

"Коломто"

Мейли кышта, бурганактын шаңында,
Мейли күздө, мейли жаздын таңында.
Коломтону элестетсем, энекем,
Күйпөлөктөп отургансыйт жанында.

Казан шуулдап, түбү көөлүү, карарган,
От күчөчү коломтодо таралган.
Эмнегедир от бир буюм сезилчү,
Апакемдин колдорунан жаралган.

Эстен кетпейт өткөндөрдүн элеси,
Малчылардын күнгө күйгөн денеси…
А мен отту бир туугандай сезчүмүн,
Апам болчу анын дагы энеси.

Улукбек Омокеев

"Сен өзүң кала берчи дүйнөм болуп"

Апаке, чыдамыңа теңдеш бирин,
Таппадым мерчем менен өлчөп бүгүн.
Эч кимдин тилин укпас кежир курак,
Эсиме түшүп турат тентектигим.

Көрбөдүм жай отурган бош күнүңдү,
Күймөнүп, карап ачка-токтугумду.
Башкалар сабыр кылып чыдай алгыс,
Көтөрүп жүрүптүрсүң шоктугумду.

“Апа” дейм, жүз түндөрү, миң таңдары,
Кайгырып, жапа чегип турсам дагы.
Ал тургай сүйүнсөм да “апа” дегем,
“Апа” деп ыйлаганмын урсаң дагы.

Назира Байгулова

"Энелер"

Энелер, чыраксыңар жанып турган,
Жашоодо күнүбүздү жарык кылган.
Энелер - көөдөндөгү жакшы сөздөр,
Көңүлдө уюган кирди жууган.

Энелер, кымбатсыңар, улуксуңар,
Сезимде киргили жок, тунуксуңар.
Адамга керектелчү нан, туз, Куран,
Үчөөнөн калышпаган тунуксуңар.

Энелер, мен силерди күнгө теңейм,
Береке бүт ааламга нурун чачкан.
Тириликтин бардыгына жашоо берип,
Дүйнөдө жаман, жакшы кошо баккан.


кошулду





SUPER.KG жана атактуулар Энелердин майрамы менен куттуктайт

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
14.05.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аттин,Апа куттуктай албайм сизди(((...Тек гана бейишинди тилеп отом...(((
SUPER.KG видео
14.05.2016. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ааламга,кокко башым тийген болуп,
Коз салсам,коп нерсени билген болуп.
Тар экен сенден бир топ ошол дуйно,
Сен озун кала берчи дуйном болуп.
Дуйнодон,апа,бир топ кен экенсин,
Сен озун,кала берчи дуйном болуп.
SUPER.KG видео
15.05.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saku,Aizuura,Erkintay azamatsynar!İygilik kaalaım silerge.Eneleribizge bakubat bakyt,den-soluk bersin,Allah.
15.05.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон рахмат
15.05.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эне сени жанылышпайм кун десем Айтчы эне кундон сенин эмнен кем Адамзатка омур берип чонойткон Ыйыктардын эн ыйыгы эне сен!
15.05.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molotsy! Super! Men dagy butkul kyrgyz enelerin kuttuktaim...ossobenna oz apamdy!
15.05.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай соонун а Гулшайыр Садыбакасова менен Сайкал
Медиа-портал
16.05.2016. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көрүп, угуп алып ыйлагым келди, мен акмак унутуп калыпмын куттуктайм деп((( Алтын АПАМ мен Сизди аябай жакшы көрөм, мындай майрамдардын миңин көрүңүзчү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: