super.kg logo

Бишкекте 14 892 бүтүрүүчү үчүн акыркы коңгуроо кагылды, алардын катарында ырчы Айым Айылчиева да мектеп менен коштошууда

 

Бүгүн, 27-майда Бишкек шаарындагы мектептердин 14 892 бүтүрүүчүсү үчүн акыркы коңгуроо кагылды. Алардын 5380и 11-классты бүтүрүп жатышса, 9512си 9-классты аяктап жатышат.

Борбор калаадагы №6-мектеп-гимназиясынын Акыркы коңгуроо салтанаты оюн-зоок менен коштолду. Мектеп бүтүрүүчүлөрү чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулап, 1-класстын окуучулары аларды узатышты. Аталган мектепти 125 окуучу аяктап жатканын №6-мектеп-гимназиянын жетекчиси Айгүл Шимова билдирди.

"Сабактан жетишпей, сынакка кирбей кала тургандар жок. Биздин мектептен Болот Шамшиев, Алмаз Исманкулов сыяктуу бир катар белгилүү адамдар билим алышкан. Алар биздин окуучулар үчүн үлгү. Билим берүү жана илим министринин буйругуна ылайык, окуучулар кафе-ресторандарда коштошуу кечесин уюштурушпайт. Азыр класстарга жайгашып, чакан түрдө белгилейбиз", - дейт мектеп жетекчиси.

Ошондой эле мектеп жашоосу менен коштошуп жаткан ырчы Айым Айылчиева дагы келечек пландары менен бөлүштү.

"Албетте, мектепти бүтүрүп жатканыма өкүнүч да, кубануу да сезимдери болуп жатат. Дагы бир ай убактыбыз бар, мамлекеттик сынактарды тапшырып, бир айдан кийин бул мектептен биротоло кетебиз. Классташтарымдын баарына кең келечек каалаймын. Өзүм болсо 100 пайыздык жеңилдетүү менен Борбордук Азиядагы Америка университетине тапшырам. Азырынча факультетти тандай элекмин", - дейт ырчы.

Эскерте кетсек, 27-майда саат 9:00дөн баштап 28-майда таңкы саат 8:00гө чейин Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, мектеп директорлору жана ата-энелер кезеги менен күзөттө болушат. Андан сырткары шаар боюнча Билим берүү башкармалыгынын жана Бишкек ИИББинин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн Жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын кызматкерлеринен турган мобилдүү топтор иштемекчи. Ошондой эле коопсуздукту жалпысынан шаар боюнча 500 укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздашат.






10 жылдык жолугушуу кечесинен баш тартуу салтка айланууда

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
27.05.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Формалары кантет эч болбогондо жакшына бирдей кийинсе болмок тим более гимназия болгондон кийин ) Юбкалары бири кыска узун жок дегенде-бирдей юбка кийсе да соонун чыкмак бул кун кайра келбейт бизда атайын бутуруучуго окшош кийгенбиз бирок мен чыккан эмесмин )
27.05.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurjan15,чыкпасан ажап босун
sema.kgz түзөттү 2016-05-27 14:20:28
27.05.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
барын кийинет жок болсо эмне
27.05.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asan-aka,бар, алып жатканда атайын ушундай алышат.
27.05.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бутконуно кубанышат, алдыда чыныгы жашоо кутуп жатканы менен кабары жок.
28.05.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_3,Мезгил келсе бутот анан.Бутуруу кечесинде ыйласынбы турмуш башына келгенде тушунот.
27.05.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун окуучулук кундо артка кылчайсам бат эле отуп кетиптир,буйурса 2жылдан кийин 20жыл болот экен эх.Бутуруучулор силерге кен келечек каалайм жаштыгынарды туура пайдалангыла ийгиликтер коштоосун.
27.05.2016. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыма аябай жагат мага,жонокойлугу менен,жакшы тарбия алганы жузунон билинип турат.Ийгилик каалаймын
28.05.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы конгуроонун ушундай мектептин ичинде, спортзал же актовый залда болгону жакпайт(. Мектептин астында эшикте, асфальтка сурот тартылуу, желектер, шарлар илинуу..., кандай сонун коз ирмемдер!!! Мектепти бутконумо 12жыл болду.
Медиа-портал
28.05.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы маалда каалоолорун айтпайеле сындап кемчиликтерин кана айта башташтыго баарына бакыт ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
28.05.2016. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол боюнча кыргызчага тилин келбей калса силерге окшогондордун, Дагы директор экен.
SUPER.KG видео
31.05.2016. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он жылдыкты каалабайм жырма жылдык жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: