super.kg logo

Муфтият Чубак ажы менен Жанар Акаевди элдешүүгө чакырып, атайын билдирүү таратты

 

Кыргыз мамлекетинин Мусулмандар дин башкармалыгы бүгүн, 9-июнда мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди элдешүүгө чакырып, атайын билдирүү таратты. Билдирүүдө Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаевдин ортосундагы пикир келишпестик коомдун тынчын алып, дүрбөлөңгө салганы жана муфтият Чубак ажынын Акаевге карата айткандарына кошулбай турганы белгиленген.

"Жума намазы ар бир мусулман үчүн парз амал. Бул талашсыз маселе. Ал эми мыйзам чыгаруучу тараптан бул долбоор колдоо таап, кабыл алынган болсо, Дин башкармалыгы катары жалпы элге түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн терең ыраазы болобуз.

Чубак ажы өз билдирүүсүндө айтып, “мен ал киши менен бир дасторкондо отурбайм, чакырыгына жооп бербейм, жаназасына турбайм” деген жана башка ушул сыяктуу сөздөрү ал кишинин өзүнө гана таандык. Айтылган ой-пикир жеке кишинин пикири экендигин дагы бир жолу белгилеп, Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы бул ойду тең бөлүшө албастыгын билдирет.

Мындай улуу айда жашап, Жараткандан берилген жакшылыкка ээ болуу менен ал жакшылыкты кадырлай албай калуубуз чоң жаңылыштык. Андыктан эки тарапты элдешүүгө жана кечиримдүү болууга чакырат элек. Кечиримдүү айда ким алгач кол сунса, жасаган амалы үчүн чексиз соопко жетүүсү шексиз. Аты аталган эки киши элибиз үчүн кызмат кылып келген азаматтар катары, алардын ар бири жасаган аракети менен жумурай журттун кызыкчылыгы аркасында пикир келишпестикке жетти деп билебиз. Кыргызда “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп айтылгандай, ким болбойлу, Орозо ай урматында бири-бирибизден кетирген кемчиликтерибиз үчүн кечирим сурап, ортодогу бир туугандык сезимибиз, жакындык алакабыз жана адамдык пейилибиз түз боюнча сакталып калуусун Жараткандан суранабыз!

Социалдык тармактарда тарап-тарап болуп, ар ким өз тарабын талашып, кайым айтышуу жакшылыкка алып келбейт. Динибиздин эң жогору койгон талабы - адам укугу, абийир-намысынын сакталуусу. Бири-бирибиздин укугубузга, абийир-намысыбызга доо кетирип, натыйжада орозо амалыбызды да жокко чыгарып албайлы, урматтуу мусулман жамааты. Жеке амбиция же кызыкчылыктар дайыма коомдук кызыкчылыктардан төмөн болуусу шарт", - деп айтылат билдирүүдө.






Жума намаз маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(93)
09.06.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ХХХ депуттатар коп болсо эмне кылалы эми ХХх ХХХ ХХХ,суйлошто ойлонуш керек эле депутат акам
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-10 11:57:46
10.06.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jalalabad93, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүдөн алыс болууну сунуштайбыз!
09.06.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жанар туштон кийин эл колдосо отот да дептир кайрадан,ошону элдин кыжырына тийбей эле ошондо эле добушун берип койсо болмок да.Элдин реакциясын коруп кайра ойлонгон го.
09.06.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орозо айында бул элдешуу эн туура бул эки тараптын талабын талашып айтышканыбыз туура эмес анткени бизденда шариятты саясатты ошол эле укукту билген адамдар бар.
09.06.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Муфтият силер Чубак ажынын пикирине кошулбаганынардын себеби силер кээ бир саясатчылардан коркосунар.
09.06.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Же Акаев силерге бир нерсе деп койгон
09.06.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Албетте муфтиат Чубак ажынын айткандарына кошулбайт!!!
09.06.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы иш кылып атасыз.
09.06.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахыбыздын уулу айларында кечиримду бололу момун мусульман бир туугандар кечиришкиле жамандыктан пайда жок.
09.06.2016. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чубак ажынын сенин (Акаев) жаназана турбайм дегени жакшы созбу. Кочодогу киши айтса бир жон. Мыйзамы отпой калыптыр, эмне болмок эле, сабырдуу болуш керек да, бул жонундо озу коп айтчу эмес беле.
09.06.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Жанар Акаевди колдойм
09.06.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир саатты берип деле койсо болот,ансыз деле депутаттардын ишке кечигип келгенин же келбей койгонун же сессияларда уктап жатканын коруп эле жатабыз го, анан эле 1саат учун курошкондору укмуш экен. эми жанардыкы тушунуктуу,батыштын тамагын ичип,батыштын казанында кайнаган адам да
09.06.2016. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир депутаттын оз коз карашы озунун ою позициясы болот Жанардагы озун ойлогон жокда жалпы мамлекетти ойлоп атат озу айткандай нефти менен дуркурогон араб мамлекеттерине тенелалбайбыз биз иштешибиз керек деп атат бул да туура.Кандай болгон кундода Чукем тигиндей кескин билдируулордон алыс болуш керек эле
10.06.2016. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Kyialbek.a, омур бою иштеп отуп карыганында окунот адамдар аттин иштебей намаз окусам болмок экен деп иш табылат намаз окубаган жаман болот
09.06.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Кыргыз өзбек, цыган,тажик, болуп бөлүнсөнөр боло. Кыргыздар кайра кыргыз менен кырылбай. Башка мамлекет окуса эмне дейт. Биз кыргыздар бир тууганбыз. Чүй, Талас, Ош, Нарын, Жалал- Абад, Баткен, Ысык-Көл, биз баарыбыз бир тууганбыз. Эмнеге бөлүнөсүнөр бөлүнбөш керек, Кудай сактасын дечи бирок , эртенки күнү башка тарап кол салса эмне болобуз. Украинадай бизди бөлүп салышса эмне болобуз, элге шерменде болбойлучу достор. Илгери Ата бабаларыбыз согуш убагында бирине-бири кандай жан тартышкпн.
09.06.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошол бир саатта мамилекеттин тагдырын чечели дешкен го.Башка учурда кыйратып иштеп атышкансып
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: