Украинанын мурдагы Ички иштер министри Юрий Луценко түрмөдөн чыкты
Украинанын президенти Виктор Янукович өлкө абактарында отурган айрым жарандарга боорукердик кылуу тууралуу буйрук чыгарды. Мунун арты менен 7-апрелде аталган өлкөнүн мурдагы Ички иштер министри Юрий Луценко абактан бошотулду. Өлкө башчысынын буйругу абактагы 6 жаранга тиешелүү болгон. Луценкодон сырткары Украинанын мурдагы Айлана-чөйрөнү коргоо министри Георгий Филипчук да азаттыкка чыкты. Эске салсак, Луценко 2012-жылдын 27-февралында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Филипчук былтыр 5-апрелде кызматтык ыйгарым укуктарды жогорулатуу беренеси боюнча күнөөлөнүп, 3 жылга кесилген эле.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















