super.kg logo

Ыр-чыры бүтпөгөн Кыргыз мамлекеттик циркинин кызматкерлери: "Циркти сактап калалы!"

 

2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп белгиленип, Кыргыз маданият тармагын жандандырууга, өнүктүрүүгө көңүл бурулуп келет. Ал эми Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин айланасындагы жер талаш маселеси, анда иштеген кызматкерлердин нааразычылыктары бийликке көптөн бери айтылса да, көңүл бурулбай келет. Цирк кызматкерлери 24-июнда маалымат жыйын өткөрүшүп, циркте бир да жолу оңдоп-түзөө иштери болбогондугун, тегерегине ар кандай жер-жемиштер айдалганын жана цирктин директору менен иштеше албай жаткандарын айтып чыгышкан.

Чынында эле мамлекеттик цирк эмне үчүн кароосуз калып жатат? Жетекчиликке нааразы болуунун себептери эмнеде экенин билүү үчүн эки тараптын ойлорун угуп көрдүк.

Цирк кызматкери Муратбек Акматов: "Биз өнүккөн Европа мамлекеттеринде иштеп калдык. Кийин Кыргыз циркин өнүктүрүү, Кыргыз желегин, таланттуу жигиттерди башка өлкөлөргө таанытуу, алардын талантын өстүрүү, өнүктүрүү максатында Кыргыз жерине келгенбиз. Жетекчиге кайрылып, циркти өнүктүрөлү деп түрдүү сунуштарды, идеяларды айтканбыз. Эл аралык бөлүм да ачылган, бирок андан эч кандай жыйынтык болгон жок. Өзүңүздөр көргөндөй, цирктин айланасында сарымсак өстүрүлүп, балык кармаган жайга айланып кетти", - дейт.

"Архивден цирктин башкы планын карап көрсө, Совет көчөсүнө чейинки жер циркке караштуу болуп чыгат. Бул жайларды ижарага береби, бизге белгисиз. 1970-жылдары Абубакир Изибаев Кыргыз циркинин эле эмес, Алматы шаарындагы цирктин да директору болчу. Ал киши бул тармакты өнүктүрүүгө зор салымын кошкон. Көзү өткөн соң көп эле кыйналдык. Азыркыга чейин кыйналып келе жатабыз. Андыктан Кыргыз циркин сактап калуу, кийинки муундарга өткөрүп берүү үчүн президентке кайрылып жатабыз", - деп кошумчалады Муратбек Акматов.

Ал эми мамлекеттик цирктин башкы директору Курмангазы Исанаев капуста, сарымсак эгилгенин, ал эми балык багылган жай цирктин аймагына кирбей турганын айтат.

Курмангазы Исанаев

“Ал аймактын циркке тиешеси жок. Ал жай тээ Акаев заманынан бери жанында бүтпөй турган төрт кабаттуу имаратка таандык экен. Ал эми мен директорлук кызматка 2004-жылы келгем. Мени чыгармачыл топ менен тааныштыруу максатында алып келишкенде бул жайда эч ким жок болчу. Көрсө, имарат ижарага берилип кеткен экен. Жадакалса менчиктештирүү аракеттери көрүлгөн, бирок бул тууралуу чоңдор да, эч ким билген эмес. Келишимге цирктин мурдагы директору маркум Таштан Жолдошбеков кол коюп берген. Эң кызыгы, келишимде "цирктин 3 гектардан ашуун жерин, 66 бөлмөлүү жатаканасын ижарага алган жаран жылына мамлекетке 90 миң 71 сом төлөп берет" деп жазылып турат".

"Бир нече соттошуулардан соң ижарага алгандарды 2006-жылдын апрелинде жеңип чыгып, "Кыргыз мамлекеттик цирки" деген жазууну кайра илгенбиз. Ошондо Кыргыз цирки экинчи ирет төрөлдү деп айтууга болот. Андан соң цирктин чыгармачыл тобун бирден чогултуп баштадым. Атайын топторду түзүп, иштеп баштадык.

Ижарадан түшкөн каражаттын 30 пайызы мамлекетке төгүлсө, калганы цирктин керек-жарагына кетет. Жашылча-жемиш өстүрүлгөн жай боюнча соттук териштирүү иштери ушул убакка чейин бүтө элек. Андыктан биздин карамагыбызга карабайт", - дейт мамлекеттик цирктин башкы директору.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Манат Эшимбеков оңдоп-түзөөлөр үчүн бюджеттен 54 миллион сом бөлүнгөнүн, ал акчалардын кайда кеткени белгисиз экенин айтат:

Манат Эшимбеков

"Оңдоп-түзөө үчүн бөлүнгөн акчанын кайда кеткенин эч ким билбейт. Цирктин чатыры оңдолду деп жатышат. Кайдан оңдолот, эгерде цирк курулгандан бери цирктин чатыры, куполу, аттар кармалчу жай, көрүүчүлөр үчүн зал бир да жолу толук оңдоп-түзөөдөн өтпөсө?

Кытайлар өзүнүн короосунда жүргөндөй эле жашылча-жемиштерди тигип алышты. Мындай иштердин артында чиновниктер да турат деп ойлойм. Цирк эмне болсо болсун, бизнесим токтоп калбасын дегендер азыркы цирктин директорун кармап отурушат. Учурда 43 артист бар. Алар менен кантип циркти өнүктүрүүгө, ийгиликке жетишүүгө болот? Өзүңөрдүн эсебиңерден чет мамлекетте иштеп келгиле деп коёт, бул деген акмакчылык да", - дейт Манат Эшимбеков.






Мамлекеттик цирк кафе-ресторандардын очогуна айланды

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
07.07.2016. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кытайларды ким киргизип жатат ? Кыргыздар тентип Россияларда курулушта жүрүшөт.
07.07.2016. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rifle_S, причем тут россиядагы кыргыздар?
Кеп Цирк жөнүндө жана территориясы жөнүндө болуп жатса.
07.07.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал айтса аныкы эп, бул айтса мунуку эп башым айланып бутту деген экен кимдир бироо. Дагы бир айдоочу "сен бул жака айда дейсин, тигил бул жака айда,дейт эми каяка айдайын деген экен.
07.07.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажобуз а деп интернетке ыр чыгарып озуну хит кылгандан коро ошол маданият борбору, шаардын корку б.э цирктин айланасындагы чыр чатакты чечип койбойбу.Бул биздин алсыз бийликтин натыйжасында жакында кытайлар цирктин айланасында эмес ак уйдун айланысында дагын жашылча эгишет.
Медиа-портал
07.07.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каратып туруп алдап жататго исанаев азыр мышыкты да алдай албаган заманда.
Медиа-портал
12.08.2016. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай окунучтуу :-(( эмнеге мамлекет тарабынан кызыгуу болбойт тооба, чет мамлекеттерди карап да уйронушсо болот эле, коп улуттуу мамлекет болгондон кийин, ар кайсы мамлекеттерден келген туристер, меймандар болот. Ушундай корунуктуу жерлерибизди колдоп мамлекетибиздин гулдоп осушуно да жардамдарын аябаса жакшы болот эле, болгону бир гана Цирк болгондон кийин ушуну да эптеп карабайт. Коруп аябай капа болдум, мен эле эмес копчулук жарандардын конулу бузулду болушу керек цирктин акыбалын корушуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: