super.kg logo

Көзү көрбөгөн, сүйлөй албаган Кадырбектин апасы: "Саламаттыкты сактоо министри иш бөлмөсүнөн кууп чыккан"

 

Турмуштун оор соккусуна кабылып, жан үрөп иштеп, майып баласынын кареги менен чарк айланган эненин көз жашынын сырын билүүгө аракет кылдык.

Таттыгүл Шамиева 1982-жылы туулган. Алай районунун Жошолу айыл аймагынын тургуну. Ал алгач турмушка чыгып, бактылуу жашап жаткан. Эки кыздуу болгондо жолдошу менен түшүнбөстүктөн улам ажырашып, борборго баса берген. Көпчүлүктүн агымы менен иштеп жүрүп экинчи жолу турмушка чыккан. Учурда "Ош базарда" кийим сатып, жума күндөрү кайыр сурап жашоосун өткөрөт. Ал эми жолдошу базарда картошка, пияз алып сатат.

"Жолдошум бала жытына зар болуп, "уулум төрөлсө моокумум кангыча жыттайм" деп айтып жүрчү. Бирок анын тилектери арман болуп, аны кайгыга салды. Анткени уулубуз башында суусу бар болуп төрөлүп калды", - деп билдирди Шамиева.

"Ыйладык, өкүндүк, арман кылдык, айла жок тагдырга баш ийдик. Белди бекем бууп балабызды дарылатканга аракет кыла баштадык. Айылдагы бак, короосу бар үйүбүздү сатып ооруканаларды кыдырып дарылаттык. Эч кандай жыйынтык болгон жок. Жадакалса "уулуңар жашай албайт" деп ооруканадан чыгарып беришти", - деп кошумчалады каарманыбыз.

Таттыгүл айым саламаттыкты сактоо министринин (ред. - Талантбек Батыралиев) кабинетине барып жардам сурап кайрылып, министрлик гуманитардык жардамга келген дарыдан берерин айтып, "мындан ары акча сурап келбегиле" деп кабинетинен кубалап чыкканын айтууда.

Кадырбек Арзыбаев 5 жашта. Анын кареги тунук, көздөрү ачык болгону менен, ал төрөлгөндөн бери жарык дүйнөнү көргөн эмес. Өз алдынча отуруп тамак жей албайт, сүйлөй албайт. Кадырбекке угуу мүмкүнчүлүгү гана берилген. Энеси 5 жылдан бери жанынан карыш жылбай карап келет. Жолдошунун жана анын туугандарынын "Кадырбекти балдар үйүнө берип сал" деген кеңешине уулун кыя албай өзү карайт.

Көз жашын төгүп ыйлаган эне уулуна кымбат баадагы дарыларды сатып берип, тапкан каражаты дарыга жумшалып, жашоосу улам аркага кете баштаган. Ар бир дарысын 2300 сомго сатып алып, анысы 10 күнгө гана жетерин айтууда.

"Баламдын кыйналып жатканын көрүп жолдошум чыдабай 4 ай мурда 1 ай дайынсыз болуп жоголуп кетти. Көрсө, Орусияга кетип калган экен. Кайра келди. Биздин кыйналганыбызды көрүп, өзүмдүн апам жакында баламды карашууга жардамга келди. Айылда мурунку турмушумдан 2 кызым бар. Аларга жөлөк пул беришпейт. Апасы айылда жашабайт экен деп мурда берилип жаткан жөлөк пулду токтотуп коюшкан", - дейт Шамиева.

Таттыгүл айым баласынын майыптыгы боюнча мамлекеттен 3 миң сом пенсия алат. Жашоо татаал болуп турган чакта 1 сомго да зар болуп кыйналып жатканын айтууда. Айласы кеткенде 5-июнда "Жеңиш" аянтында окулган Айт намазынан кийин кайыр сураганы чыккан. Бул күнү кайрымдуу адамдар жардам кылып, 2 миң сомго жакын акча тапкан. Ал акчага уулуна дары сатып берген.

Уулунун майып болуп төрөлүп калышына күйөөсүн күнөөлөйт, анткени анын канынан белгисиз оорунун вирусу табылган. Аны дарылоого жыл сайын 30 миң сом каражат сарпташат. Кайрымдуу адамдар жардам колун сунса Таттыгүл айым баш тартпасын айтат.






"Жолдошумдун айынан балам майып болуп төрөлдү" дейт Таттыгүл Шамиева

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(23)
07.07.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дарт берсе дабаасы менен берсин.
07.07.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым шыпаасын берсин!!!
07.07.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже саламаттык сактоо министри кабинетинен кубалап чыкпаса керек. Жардамга келген дарыдан берем десе ала бергиле да. Анан сизге жардам деп акча бөлүп жиберсе, Батыралиевдин башын кеспейби текшерүү келип.
Супер да интрига кылып теманы жазып кыйраттыңар. Окуган адамда тез эле терс пикир пайда болот экен.
07.07.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rifle_S,Башка андайды салбасын бир тууганым баласынын кыйналып жатканын коруп кайсы эне кол кууштуруп отура берет болбогон нерсени болтургусу келип жакшылыктан умут узбой баардыгын жасап баарына даяр болотда
07.07.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rifle_S,ошол министирлик озунун чонтогуно жебейт бекен эмне?Же эмне мумкунчулугу чектелгенлерге жардам берсе Батыралиевдин башы жулунуп кетеби?Чет олкого уй салып,бизнес ачпай ушундай кыйналган калкка жардам берсе гана.Тообо тушунбодунбу гуманитардык жардамга келген дары бекер келген дарыдан деп жатат тушундунбу сен.Аллах эжеге сабыр берип,баласы айыгып кетсин.
10.07.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRAN,мен министрдин баласы белем ?
Сага ..... эмне болсо да. Иш учурунда кууп чыкканына ишенбейм. Бул менин оюм.
07.07.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Эне"деген атыңдан айланайын!Апалар балдарынын өмүрү үчүн баарына даяр болгон кандай керемет жандар.Аллахым уулуңузга,сизге эки дүйнөнүн бактылуулугун берсин!Сиздер үчүн дуба кылдым.Кырсык,оору-дарт,өлүм кимдин гана башына келбейт эжекей.Мурдун көтөрүп,кайрымдуулукка жарабаган жогору жактагылардын Кудайга иши түшпөйт дейсизби.Белиңизди бекем бууп жакшы күндөрдөн күдөрүңүздү үзбөңүз.Кыргыз эли кайрымдуу калкпыз негизинен.Жаш активистерге кайрылып жардам сурап көрүңүз.
07.07.2016. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш активисттер ырчылар менен сүйлөшүп,концерттен жетиштүү акча топтоп,канчалаган сиз сыяктуу кулундарын дарттан аман-эсен алып калууда.Эли-журтубуз көз жазымында калтырбайт.Ушуну бир аракет кылып көрүңүзчү
07.07.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Операциялар канчага жасалат менин карындашым операция болду эле Ошто 15 000 сом сурап жатат силерден аз сурап жатабыз 20 000, 25 000 сом болот озу дейт врач
08.07.2016. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дарт берген жараткан ,шыпаасын кошо берсин
дейли.
08.07.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окуп алып ыйлагым келди, Жаратканыбыз шыфа берсин дартына
SUPER.KG видео
11.07.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сабыр берсин
SUPER.KG видео
11.07.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эженин номери барбы?Админ
Медиа-портал
12.07.2016. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бопося бала экен помпок ширинтай айыгып кооп жашасын ылайым Аллахым шыфаа берсин!
Медиа-портал
12.07.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министр ушинтип кууп чыкса башкасына соз жок!
SUPER.KG видео
12.07.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр берсин
SUPER.KG видео
13.07.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырына чейн окуй албай койдум
SUPER.KG видео
13.07.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ,мага дагы эженин номерин жиберип ,коюнузчу?
SUPER.KG видео
14.07.2016. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым оору берсе ага,шыфаасын кошо берсин
SUPER.KG видео
14.07.2016. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эженин номери кимда бар магада жонотуп койгулачы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: