super.kg logo
  Саясат  

Ангела Меркель Алмазбек Атамбаевге "силердин аймакта кырдаал дайыма эле жөнөкөй боло бербейт" деп айтты

 

Германиянын канцлери Ангела Меркель президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда "силердин аймакта кырдаал дайыма эле жөнөкөй боло бербейт" деп айтты. Ангела Меркель Кыргыз жерине келишинин негизги максатын белгиледи.

“Мен азыр эле Кыргыз техникалык университетинде болуп, студенттер менен жолуктум. Биз саламаттык сактоо чөйрөсүн жана башка тармактарды насыялоо маселесин талкууладык. Силердин экономиканы алга жылдырсак деген жакшы максатыңар бар экенин билебиз. Бул оңой-олтоң иш эмес. Силер демократиялык жолду тандап алдыңар, бул чечим да жеңил эле кабыл алына калган чечим эмес. Силердин аймакта кырдаал дайыма эле жөнөкөй боло бербейт. Ошого карабастан, силер өнүгүүнүн демократиялык жолун тандадыңар. Менин визитимдин максаты – мындан ары кандайча кызматташабыз, биз силерге кандай жардам бере алабыз, ушул маселелерди силер менен бирге талкуулоо. Бүгүн жаш, эстүү кыргыз студенттери менен жолугуу учурунда алардын ачыктыгын жана активдүүлүгүн көрүп, жаштардын келечеги кең болушун тиледим", - деди Меркель.






Кыргыз жеринин кооздугу канцлер Ангела Меркелди суктандырды

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: