super.kg logo

Малайзиядан жана өлкөнүн 7 дубанынан келген окуучулар президент Алмазбек Атамбаев окуган мектепте болушту (фото)

 
Өлкөнүн 7 облусунан, Ош, Бишкек шаарларынан келген мектеп окуучулары
Президент окуган жалпы билим берүү мектебине келген окуучулар
КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов жана мектеп директору Сейдакмат Берикбаев
Окуучуларды мектеп жамааты кол чабуулар менен тосуп алды.
Директор конокторду мектептин музейи менен тааныштырууда.
Элчи Кылычбек Султанов билим алуу жаштарга аба-суудай зарыл экенин, мектепте бардык сабактарды кызыгуу менен окуу керектигин айтып берүүдө.
Окуучулар англис тили боюнча деңгээлин аныктоо үчүн атайын тест тапшырышты.
Тест тапшыруу убагы.
Тест тапшыруу убагы.
Таланттуу окуучулар конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Кылычбек Султанов мектептин директору Сейдакмат Берикбаевге ыраазычылык билдирди.
Мектептин окуучулары малайзиялыктарга өнөрлөрүн тартуулашты.
Малайзиядан келген мугалим кыргыз окуучулары менен селфиге түшүүдө.
Мектеп жамааты да "куттуу үйдөн куру чыкпайт" деп элчи Кылычбек Султановго калпак кийгизди.
Малайзиядан келген айымдарга чепкен кийгизишти.
КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов жана малайзиялык мугалимдер.
Меймандар мектеп жамааты менен эстеликке сүрөткө түшүштү.
Президент окуган мектептин сырткы көрүнүшү
Үч топко бөлүнгөн окуучулар "Хан-Теңири" ресторанынан түштөнүп, Ысык-Көлдү көздөй сапар алышты.

20-26-июль аралыгында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштуруп жаткан Ысык-Көлдө жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чарасы орун алат. Бул иш-чарага катышуу үчүн кечээ, 19-июлда Малайзиядан англис тил мугалимдери жана мектеп окуучулары Кыргыз жерине келишкен.

Бүгүн, 20-июлда Малайзиядан келген англис тил мугалимдери, окуучулар өлкөнүн 7 дубанынан келген окуучулар менен президент Алмазбек Атамбаев окуган Феодосия Стрельникова атындагы жалпы билим берүү мектебине барышты. КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов келген конокторду мектеп жамааты менен тааныштырды. Аталган мектептин директору Сейдакмат Берикбаев алыстан келген окуучуларга мектептин музейин тааныштырып, мында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министр Апас Жумагулов сыяктуу кыргыздын чыгаан уулдары окуганын айтып, мектептин тарыхына, жетишкен ийгиликтерине токтолуп өттү.

Окуучулар англис тили боюнча деңгээлин аныктоо үчүн атайын тест тапшырганча, малайзиялык коноктор үчүн таланттуу окуучулар комуз чертип, майрамдык маанай тартуулашты. Соңунда майрамдык маанай тартуулаган окуучуларга малайзиялыктар ала келген белектерин, таттууларды тапшырышты.

Мектеп жамааты да "куттуу үйдөн куру чыкпайт" деп элчи Кылычбек Султановго калпак, Малайзиядан келген айымдарга чепкен кийгизишти.

Президент окуган мектеп менен таанышкан соң окуучулар тапшырган тесттеринин жыйынтыгы боюнча үч топко: англис тилин мыкты билгендер, жакшы жана канааттандырарлык деңгээлде билгендер деп бөлүнүштү. Ал үчүн атайын үч түстөгү: кызыл, сары, ак футболкалар даярдалган. Түшкө маал окуучулар "Хан-Теңири" ресторанынан тамактанышып, Ысык-Көлдү көздөй сапар алышты.


кошулду





Малайзиялыктар кыргыз окуучуларын Ысык-Көлдө окутушат

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу, Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(8)
20.07.2016. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Малазиянын элчилиги аябай жакшы иштеп жатат көз тийбесе. Ушундай активдүү иштеген саясий ишмердер президент болсо.
20.07.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_S,Атамбаев деле убагында ушундай болчу
20.07.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rifle_S,Жарабайт президенттикке. Болгону жакшы менеджер.
20.07.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен да ошентип ойлойм
20.07.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ажобуздун интернетте хит б-н ырларын дагын уктурушпаптырда.Кылычбек Султанов жонокой адамгечилуу бой которбогон элчи экен муну Тышкы Иштер министри кылып дайындаса жакшы болот
20.07.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ай-ий СОНУН болуптур!!!
20.07.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күндүн СООНУН жанылыгы,а элчи байкебизге мындан арыда иийгилик каалайм.
20.07.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алмаз Шаршеневич деле кыргыздын чыгаан уулдарынын бири
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: