Украинада кыргыз киносунун күндөрү өттү
4-5-6-апрелде Украинанын борбору Киев шаарында кыргыз киносунун күндөрү
өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бул маданий иш-чарага кыргыз режиссёрлору Т.Океевдин “Балалыктын
асманы”, А.Кончаловскийдин “Караш-караш окуясы”, Б.Шамшиевдин “Ак кеме”, Э.Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү”, А.Жураеванын “Меккеге жол”, М.Мамбетакуновдун
“Көч” тасмалары көрсөтүлдү. Кино күндөрүнө Украина кинематографисттери, шаар
тургундары жана Украинадагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2026-06-06
18:14
2026-06-05
9:36
2026-06-04
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Ката түзөтүлдү. Рахмат!