super.kg logo

Дыйкан Бектурсун Токтосунов: "Кулпунай өстүрүүнүн сырын уурданып жүрүп үйрөндүм" (фоторепортаж)

 
Тажибай Акматов кулпунай сатууда (солдо)
Кардар жок болсо, дыйкандар терилген кулпунайды өз убагында сатуу үчүн 10-15 чакырым жол жүрүп "Ош базарына" жөнөшөт.
Кулпунай талаасы
Бектурсун Токтосунов кулпунайдын чөбүн отоп жатат.
Жолдун боюнда кулпунайдын 1 чакасы 120-150 сомдон турат.
Дыйкандар жашаган алачык
Дыйкандар күнү-түнү алачыкта жашап, кулпунай талаасын көзөмөлдөп турушат.
Кулпунай терген жардамчылар. Ар бир чакага 25 сомдон акы алышат.
Кулпунай терген жардамчы кыз
Кулпунай толгон чакаларды жол боюна сатыкка алып барышууда.
Мадина Пулатованын бөбөктөрү күнүн дээрлик кулпунай талаасында өткөрүшөт.
Мындай жашиктерде кулпунайлар Бишкек шаарынын базарларына сатыкка жөнөтүлөт.
Кулпунай толгон чакалар кардарлар үчүн даяр
Кулпунай толгон чакалар...

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда ондогон гектар жерге кулпунай өстүрүлөт. Ак төөнүн карды жарылып, берекесин берген алтын күз ушул күндөрдөн башталат. Анткени талаада дыйкандардын колунан өстүрүлгөн кулпунайдан баштап коон, дарбыз, бадыраң, помидор сыяктуу
жашылча-жемиштердин баары бышып, элдин дасторкону толуп турган учур. Мындай учурду кыргыз эли бышыкчылык мезгил деп атап келет.

Талаада көз жоосун алып, кулпуруп өсүп турган кулпунайдын өстүрүлүшү туурасында маалымат алып, коомчулукка алып чыгууну туура көрдүк. Бул үчүн атайын чыгармачыл топ гектарлаган жерди ээлеп жаткан Көк-Жар конушундагы кулпунай талаасына бет алды.

Алгач жол четинде кулпунай сатып отурган Тажибай Акматов аттуу дыйканга кезиктик. Ал Кара-Балта шаарынын тургуну, быйыл алгачкы жолу кулпунай өстүрүүнү баштаган. Ал үчүн айдап жүргөн жеңил унаасын сатып, дыйканчылыкка керектүү жумуштар үчүн чыгымдаган.

"Унаамды сатып, 20 миң сомго жерди ижарага алдым. Андан соң жер айдатып, жерди кулпунайга даярдадым. Мунун баарына саткан унаамдын акча каражатын жумшадым. Буюрса, жакшы, жазында жасаган эмгегимдин акыбети кайтып, кулпунайды сатып жатам. Эң негизгиси, талбай эмгектенип, кулпунайдын ар бир түбүнө аяр мамиле жасап, алдын жумшартыш керек", - дейт дыйкан Тажибай Акматов.

Маалым болгондой, кулпунайды тигип, өстүрүү өзүнчө түйшүк болсо, аларды сатуу башка түйшүк. Айрым убактарда кардар болсо, айрым учурларда кардар жок болуп калары белгилүү. Ал учурда дыйкандар терилген кулпунайды өз убагында сатуу үчүн 10-15 чакырым жол жүрүп "Ош базарына" жөнөшөт.

Кең талаада кулпунай сугарып жүргөн дагы бир дыйкан Бектурсун Токтосунов Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан келген. Дыйкан буга чейин башка жумуш менен алектенген. Жакындарынан кулпунай өстүрүү кирешелүү экенин угуп ушул жумушту баштаган. Быйыл ал 1 гектар жерге кулпунай айдап, талаага тигилген алачыгында жашайт. Күн-түн дебей чатырда жашап, кулпунай талаасын карап, аны өстүрүп келет.

"Алгач кулпунай өстүрүүнүн сырын билбей бир топ кыйналгам. Бул иш менен алектенгендер кулпунайды багып-өстүрүүнүн сырын айтышпайт. Ошентсе да алардын аткарган иштерин ынтаа коюп, уурданып карап жүрүп өздөштүрүп кеттим. Дыйканчылыкты жаңы баштаган жылы 50 сотых кулпунай тигип, андан 100 миң сом киреше тапкам", - деди Бектурсун Токтосунов.

Бектурсун Токтосуновдун айтымында, кулпунайды алгач туура отургузуп, жумасына эки ирет сугаруу керек. Ал тургай мөмө байлаганча жети ирет түбүн жумшартып, чөп өстүрбөй чаап туруу зарыл. Ал эми жаан-чачында мөмөгө ылай жармашпаш үчүн күз айларына жакын айланасында өскөн чөптү отобой тим койгон туура.

Талаада кулпунай бышып, аны терүүгө жардамчы чакырган Мадина Пулатова ар бир терилген чака үчүн жардамчыларга 25 сом төлөп берет. Бир адам жумуш убактысы бүткөнчө 25 чака терүүгө үлгүрөт.

"Учурда кулпунай бышып жатат. Өз убагында сатып калуу үчүн атайын жардамчыларды чакырабыз, антпесе мөмө бышып, эзилип кетиши мүмкүн. 2-3 күндө 80-100гө жакын чака кулпунай терип алабыз. Биз кулпунай теребиз, атам сатуу менен алектенет", - деди Пулатова.

Бүгүнкү күндө кулпунайдын 1 килограммы 45-50 сомго бааланууда. Ал эми бир чакасы 120 сомдон 150 сомго чейин сатылып жатат. Өткөн жылы ушул эле көлөмдөгү чака кулпунай 150 сомдон 180 сомго чейин сатылган. Дыйкандар көпкө түшүм берүүчү кулпунай өстүрүшөт.






Дыйкан: "Долгоиграющий" кулпунайы кышка чейин түшүм берет"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
16.08.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы бизнес экен
17.08.2016. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhusubali,
Жакшы бизнес экен деп
Конкурент болгун келип атабы
16.08.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулпунай кирешелуу бизнес экен, баланча же тукунчо мынча киреше тааптыр деп былтыры кулпунай эккендер ого эле коп болду. Негизи кулпунай 3-4 жылдык осумдук. Бирок туйшугу пахта менен тамекиден да коп сыяктуу. Эч болбосо ар айда бир жолу чаап отойсун, ара кундо сугарасын, бышканда ара кундо тере бересин. Былтыркы жылы 80-120 сомдон сатылган кулпунайлар быйыл 30-70 сомдон сатылууда. Менимче кийинки жылдан тарта дыйкандар кулпунай аянттарын бузса керек кулпунайдын баасы которулбосо...
Frunze74 түзөттү 2016-08-16 16:52:45
16.08.2016. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи эле Бажы Союсуна кирсек жыргап жатып калабыз, жашылча-жемиш, эт-суттон тарта тигини-муну экспорттойбуз ж.б.ж.б.деп ооз коптургон бийлик, мисалы Оторбаев, Сариев, Атамбаев ж.б.ал убадаларын унуткан сыяктуу. Былтыры дыйкандар тушумун откоро албай ортомчуларга ит бекер карматып, жаз-куз,саратан же суукту карабай мээнет кылган дыйкандардын ондон биринин гана акыбети кайтты, бийлик эч болбосо дыйкандардын абалын суроого жараган жок. Быйыл деле озгоруу байкалбайт. Бийликтен дарек жок.
16.08.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эт-сут ж.б.агропродукцияларыбызды Казахстан ар шылтоону айтып откорбой жатат, же аны чечкен бийлик жок. Мал-кой ото эле арзан. Элеттиктердин турмушу мал жандыгы жана дыйканчылык менен болуп келген. Эми же дыйканчылык жарытпаса же мал-койдон киреше калбаса, айласыздан мектепти жаны буткон жаш уул-кыздарын Россияга жонотуп жатышат да, алар (мигранттар) салган акча менен тиричилигин улап, башка киреше булагы болбогон сон...
Frunze74 түзөттү 2016-08-16 17:13:20
16.08.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бийликке оорчулугунарды салбай оз арабанарды тарткыла дешет, чын-чынында бийлик элди багып жатабы же бийлик элдин эсебинен жашап жатабы деген адилеттуу суроо туулат. Окмот ошол эле Казахстан, Россия менен тен ата суйлошуп экспорттогу тоскоолдуктарды жойсо, адатынча 99 сертификат, ар бири баланча сом болот деп пара сурап элди кыйнабай, дыйкандардын жашылча-жемиш, эт-сутун экспортко чыгарууга Окмот жардам берсе, элге пайда го, мээнетинин акыбети кайтып. Бюджетке да акча тушмок...
17.08.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Frunze74,Элди ойлогон эч кайсы чонун жок.Керек болсо ким байып атат, ошонун байлыгын тартып алсам, кайсыл мамлекеттен канча акча алсак экен деп ойлогону-ойлогон биздин чондордун.
16.08.2016. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кырманга береке дыйкандар
16.08.2016. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйыл биздеда кулпунайдын баасы арзан болду.
SUPER.KG видео
17.08.2016. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул дыйкандын кулпунайын каерден сатып алсам болот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: