super.kg logo

Быйылкы жаңы окуу жылына карата мектеп формасы 3 миң сомго чейин бааланууда (фоторепортаж)

 
6 жылдан бери соода иши менен алектенген сатуучу Гүлдана Ысакова
Балдары чет өлкөдө эмгектенген Зарыл Үмөталиева

Күз мезгили менен кошо келген жаңы окуу жылына карата даярдыктар жүрүп жатат. Учурда өлкөнүн бардык аймактарындагы базарларда эл толуп, окуу куралдарын жана мектеп кийимдерин сатып алуу аракеттери көрүлүүдө. Жаңы окуу жылына карата мектеп формаларынын баасы жана окуу куралдары боюнча маалымат алып, окурмандарга сунуштоо үчүн Бишкек шаарындагы базарлардын бирине бет алдык.

Базарга баш багарыбыз менен балдарын ээрчитип кийим тандап жүргөн сатып алуучулар, товарларын жарнамалап сунуштаган сатуучулар тобуна туш келдик. Алгач 3 баласына мектеп формасын сатып алып жаткан Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну Мырзабек Ажымаматов менен маектештик.

"Быйылкы жаңы окуу жылына 3 балама мектеп формасын жана окуу куралдарын сатып алганы жатам. Балдарымды ээрчитип жубайым менен базарга келдик. Эки балама 3 миң сомдон форма сатып бердим, 1-класска барган балама кийим сатып алыш үчүн 2600 сом короттум. Жалпысынан 3 балама 8500 сом жумшадым. Ал эми окуу куралдары былтыркы жылга салыштырмалуу бир аз кымбатыраак экен. Бул үчүн дагы 4-5 миң сом акча жумшалса керек", - деди Ажымаматов. Анын айтымында, үч баласына тең форма алып берүү бир аз оорчулук жаратууда.

"Үч баламды тең окуу жылына даярдоо оңой болгон жок. Үй-бүлөлүк каражатты эптеп жеткирип алып берип жатам", - деп кошумчалады Мырзабек Ажымаматов.

Ал эми айрым капчыктуу үй-бүлөлөр үчүн 3 миң сомго мектеп формасын, 2 миң сомдон ашуун каражатка окуу куралдарын сатып алуу кыйынчылык туудурбайт. Балдары чет өлкөдө эмгектенген Зарыл Үмөталиеванын айтымында, базардагы баалар аны канааттандырат. Зарыл Үмөталиева эки небересине жана 1 студент кызына кийим сатып алып жатканын билдирди.

6 жылдан бери соода иши менен алектенген сатуучу Гүлдана Ысакова ата-энелер атайын тигилген мектеп формасын сатып алып, аны менен катар соода жакшы болуп жатканын айтты. Ошондой эле өз сөзүндө сатуучулар быйыл көп болгондуктан, 2015-жылга салыштырмалуу мектеп формалары арзан сатылып жатканын кошумчалады.

"Мектеп формалары Кыргыз Республикасынан, Түркиядан жана Кытайдан алынып келинет. 1-класстар үчүн формаларды 1200 сомдон дүңүнөн сатып алып, 2200 сомго чейин сатабыз. Чоң класстардын формасын дүңүнөн 1700 сомго сатып алып, 2800-3000 сомго сатабыз", - дейт сатуучу Ысакова.

"Белгилүү болгондой, базардагы соодагерлер сатылуучу товарларга болгон бааны базар наркына салыштырып өздөрү коюшат. Сатуучу өз алдынча бааны кымбаттата албайт, анткени азыркы убакта атаандаштык абдан жогору. Бааны көтөрүп саткан сатуучунун товары сатылбай калат. Мындан улам базарда товарлар төмөнкү наркта сатылат. Мындайда сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу шарт жаралат", - деп билдирди базардын Профсоюздар уюмунун төрайымы Замира Саткеева.

Эркек балдар үчүн мектеп формаларына болгон баалар:

Пиджак-шым - 2000 сом, ак көйнөк 250-300 сомго чейин. Галстук 50-70 сомго бааланат. Ал эми бут кийим 500 сомдон 900 сомго чейин сатылса, спорттук бут кийимдер 550 сомдон 2500 сомго чейин. Ошондой эле сумка 300 сомдон 600 сомго чейин сатылууда.

Кыздар үчүн мектеп формаларына болгон баалар:

Пиджак, юбка 2000 сомдон 3000 сомго чейин сатылса, бантик 100-150 сомго, узун байпак 100 сомго сатылууда. Бут кийимдерге 450 сомдон 650 сомго чейин баа коюлган. Ички кийим 200 сом, сумкалар 300-1000 сомго сатылууда.

Ал эми окуу куралдарына жалпысынан 500 сомдон жогору каражат сарпталат. Аларга канча акча кетирери сатып алуучунун капчыгына жараша болот.






Баланы мектепке даярдоого канча акча чыгымдалат?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
22.08.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
токтогулда балама форманы 2100сомго алдым, турец. балам 1- класс....
22.08.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эптештире албагандан кийин токтоткула, былтыр сатып алгандан кийин эмдиги жылы толук отобуз деп жокко чыгарып койгонсунар, ал форма кийилбейле калып кетти.
22.08.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Силерден сураныч, Токтогулдун Озгоруш айылындагы мектептерди айрыкча Чодошев мектебин текшерип койгулачы. Жеке менчик фирма менее келишим тузуп башкача форма тиктирген, баасы арзае болгону менее сапаты аябай начар. Кыйнап кыстап эле кийгизе беришет. Мамлекеттик денгееллиге формага откорсо жакшы болмок. Сапатсыз кийимден тажадык аябай.
22.08.2016. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунда бизнес кылып жатышат илгерки эле ак койнок кара шым жететле
23.08.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Каргага тенелем деп,жыландын бели сыныптыр"болБосотон жон эле коюшса болмок.Карапайым эл эле кыйналып жатат,эки учтон балдары окуган ата-энелер айрыкча.Жогорудагыларга 2000-3000мин акча эмес болсо,жонокой уйбуло учун чон эле акча,ананда бир эмес эки баласынын мектеп формасын бутурот болчу.
23.08.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу форманын кереги деле жок эле айланайын.
23.08.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздарга Кара форма,ак фартук,балдарга ак койнок кара шымдан отоору жок.Форманы да бизнеске айландырып алышты го!
Медиа-портал
23.08.2016. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да карап турсам чын эле бизнеске айланып бараткандай. Азыр видеодон коруп олтуруп эсиме тушуп кетти бул форма Корея олкосу менен Япония олкосу кийишет эмеспи мындай форманы жакшылап карап корсонор ошого эле окшош. Макул форма кийсин бирок эмне учун озубуздун кыргыздын Орламенти тушурулгон жакшына ак койнок кара шым костюм тигип ойлоп чыкпайт акыры биз Кыргызбыз качан гече бироонун формасын кийип и созун суйлоп журо беребиз эмне озубуз качестволуу форма тиге албайбызбы.
Медиа-портал
23.08.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошончо форма кийсин деп такай туруп алыптыр чондорубуз.
1)ден Сапаттуу форма тигип чыксын.
2)ден Баардык чыгымдарды эске алсын.
3)дон Арзан баада болсо элге жакшы айныкса коп балалуу уй булого.
4)дон Баардык мекткпке бирдей форма болсун.
5)ден Бир фирма менен келишим тузушсо болот аларга да пайда и элге да жакшы атандашуу болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: