Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаев сүйлөп жатканда аянттан кетип калды




"Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта экс-президент Роза Отунбаева президент Алмазбек Атамбаев сүйлөп жаткан учурда аянттан кетип калды. Алгач Роза Отунбаева өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жанында турган. Атамбаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандардын сап башында тургандардын бири Отунбаеванын дарегине катуу сындарды айткандан кийин ал аянттан чыгып кетти.
Атамбаев: "Роза Исаковна, 2010-жылы Конституцияны кабыл алганда сиздин жаагыңызды парламент жапканы баарыбыздын эсибизде. Өлкөбүздө кандай баш аламандык эле. Убактылуу өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүн узартып алат деп коркуп жатат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат", - деп айтты.
Атамбаев Роза Отунбаеваны сахнадан кетүүгө мажбур кылды
Ажонун сөзүнө нааразы болгон Отунбаева аянттан чыгып кетти


АШАнын кылган кылыктары Акаев Бакиевдердин кылгандары жолдо калат,бул кетсе арты ачылат да, ошодон коркуп атат.
Бирок куудулдар айтмакчы Текешага жакпай калдыбы ал түбүнө жетмейинче тынчыбайт...
Ушундай кундо мындай созду суйлобой эле койбойбу?! Маанайыды тушуруп?! ХХХ ХХХ
Майрамдыда жон откорбойт экенсинерда!