super.kg logo

3016 жылдык тарыхы бар Ош шаарынын бүгүнкү инфраструктурасы жана келечектеги планы

 

Быйыл байыркы Ош шаарынын 3016 жылдыгы белгиленүүдө. Бул шаардын инфраструктурасы тууралуу акыркы убактарда жакшы пикирлер айтылууда. Ош облусуна болгон сапарыбыздын алкагында Кыргыз жеринин экинчи борбору делген Ош шаарына да бардык. Шаарга кире бергенде эле конокторду эки четинде эки арстан турган Алымбек датканын эстелиги, чокусунда түндүгү бар арка, жолду эки тилкеге бөлүп турган кооз гүлдөр жана кыргыздардын маданиятын чагылдарган мрамор менен түшүрүлгөн сүрөт тосуп алат. Калаага киргенде эле көңүлүбүз анын жарыктыгына бурулду. "Шаарсвет" ишканасы шаар боюнча 3 миңден ашуун электр энергиясын 3,5 эсе үнөмдөөчү светодиоддук лампаларын койгон. Буга чейин түнкү жарыктандырууга жылына болжол менен 14 миллион сом жумшалып келсе, учурда 4 миллион сомдой жумшалары белгилүү болду. Светодиоддук лампалардын тендердик баасы 43 миллион 600 миң сомду түзүп, 4 жыл бою жарактан чыкпаса, өзүн актаган болот.

Ушул эле кире бериште күндүз көп учурларда жол тыгыны орун алат. Бул шаарда унаалардын гана эмес, анын конокторунун көптүгүнөн да кабар берет. Жергиликтүү башкаруу органы калаа ичиндеги тыгындарды жоюу максатында шаарды айланып өтүүчү унаа жолун курууну пландап жатканын кабарлады. Ага болжолдуу түрдө 11 миллион 800 миң доллар керектелет. Учурда анын курулушуна инвесторлорду табуу, жер кыртышын иликтөө, техникалык негиздемелерди түзүү аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады Ош шаардык мэриясы.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү унаа тыгыны салынган көпүрөлөрдүн эсебинен азайганы байкалып жатканын баса белгилешти. Эскерте кетсек, 2015-жылы Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрө ишке берилген.

Ал эми бул көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн акча каражатына Курманжан датка жана Туран аймактык кеңештерин бириктирүүчү жаңы көпүрө курулган. Анын курулушуна чейин шаарды айланып келип окуп жаткан студенттер, тургундар үчүн жаңы ыңгайлуу жол ачылган. Бул жолдун сметалык баасы 73 миллион сомду түзүп, узундугу 0,5 чакырым болсо, көпүрөнүкү 36, туурасы 22 метр.

Алдыда жогоруда айтылган эки көпүрөдөн үнөмдөлгөн каражатка Сай-Бою жана Тилеке баатыр көчөсүн бириктирүүчү үчүнчү көпүрөнү куруу пландалууда. Ал үчүн 40 миллион сомго тендер жарыяланып, жыйынтыгы 10-октябрда чыгары маалым болду. Дал ушул Ак-Буура суусунун үстүнөн өтүүчү бул көпүрөнүн узундугу 48, туурасы 14 метр, ал эми эки тарабынан кетүүчү тротуардын туурасы 2,5 метр болот.

Албетте, бир көпүрө үчүн бөлүнгөн каражатты үнөмдөп, ага курулган 3 көпүрөнүн сапаты күмөн саноону туудурат. Бул көпүрөлөрдүн сапаты жакшы экенин Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башкы адиси Шумкарбек Пайзиев билдирди.

"Курулуш материалдары текшерүүдөн өткөрүлгөн. Экологиялык-техникалык инспекция да текшерүүгө алып, эч кандай бузууларды тапкан эмес. Сапатынан шектенбей эле койсо болот", - дейт Пайзиев.

Ош шаарынын тургундарынын эс алуусу үчүн ыңгайлуу сейил бактар, скверлер курулган. Алардын бири Алымбек датканын атындагы этнографиялык комплекс. Комплекстеги фонтандар кечкисин ар кандай түстөргө боёлгондуктан, шаардыктардын жакшы көргөн жерине айланган.

Шаардагы Черёмушка районундагы Ататүрк атындагы сейил багы тургундары жана алардын балдары үчүн өзгөчө жагымдуу маанай тартуулайт, себеби ал жакта бекер машыгуу жайы жана балдар аянтчасы бар. Жаштар кечкисин топ ойноп, көңүл ачышат.

Көпчүлүк студенттер жашаган Курманжан датка аймагындагы "Жеңиш" сейил багы оңдоп-түзөөдөн кийин шаардыктар үчүн бекер интернети менен берилген. Бул жылы 5 сейил бак бекер интернет менен камсыз боло турган болсо, азырынча үчөө камсыздалган.

"Бул район биздин жакшы көргөн аймагыбызга айланды. Студенттер үчүн алыс жол көпүрө менен жакындады, бекер wi-fi коюлду, шаар жарык, таза. Эми оңдолбой жаткан жолдор аягына чыгып, университеттердин саны көбөйүп, жаштар өз кесиби боюнча жумуш менен камсыз болушса, шаарыбыз мындан да өнүгөт", - деген пикирлерин айтышты эс алуучулар.

"Эшигин көрүп төрүнө өт" демекчи, Ош шаардык мэриясынын имаратын көздөй бет алдык. Имараттын алдындагы гүлдөрдөн мурда маңдайындагы Лениндин эстелиги көзгө урунду. Мындай эстелик Бишкек шаарындагы борбордук аянттан 2003-жылы алынган, ал эми бардык жагынан алдыга кеткен Ошто дагы деле баштапкы ордунда турганы бир аз таң калууну жаратты.

Шаардын көркүн өзгөчө гүлдөр, бак-дарактар ачат эмеспи. 2016-жылы 1 миллион түп гүл, 100 миң даана декоративдүү бадал, дарак көчөттөрү отургузулган. Мэриянын кызматкерлери көптөгөн үлпөт тойлорго күбө болушат. Анткени баш кошуп жаткан жубайлар үчүн Лениндин эстелигинин алдында, анын артындагы "Сүйүү багында" сүрөткө түшүү салтка айланган.

"Сүйүү багынын" өзгөчө жасалгасы көз кубандырат. Ал бакты Ош шаардык мэриясынан жеке ишкер Үлпөт Досбаева ижарага алган. Жылына 600 миң сом төлөйт. Өзү биология сабагынан мугалим экенин айтты.

"Бул бактын жалпы аянты 4-5 гектар. Аябай көп таштанды чыкты. Анын ичинде ич кийимдер да бар, өзүм уялдым. Жапайы өсүмдүктөр өсөт, экологдор алардын жок болушуна каршы, бирок гүл бакча кылгым келет. Жеңил декоративдүү жасалгаларды жасап, талапка ылайык, курулуштарды куруп жатабыз", - дейт ишкер.

Мугалимдин төмөн айлык акысы Үлпөт Досбаеваны жеке ишкер болууга түртүп, андан тышкары 3 адамды жумуш менен камсыз кылган. "Сүйүү багын" жасалгалоо үчүн 3 миллион сомго жакын каражат кеткен.

Мындан улам шаардын көркүнө жеке ишкерлердин да салымы чоң экени белгилүү болду.

Албетте, шаарда баары идеалдуу эмес. Бишкектеги чаржайыт соода көрүнүшү Ошто да орун алган. Эки шаарда тең бул көрүнүш менен күрөшүүгө тиешелүү деңгээлде аракеттер көрүлүп, жөнгө салынат деген ойдобуз.Учурда бул калаанын Сай-Бою көчөсүндө эң чоң курулуштардын бири - Футбол академиясынын курулуш иштери жүрүп жатат. Ал үчүн 4 гектар жер аянты Ош шаарынын мэриясы тарабынан берилсе, курулушуна FIFА тарабынан 1 миллион доллар бөлүнгөн.

Курулуш иштери бүтүп пайдаланууга берилсе, 60 бала академияда жашап, окуп, профессионалдык футбол менен машыга алат. Футбол академиясында 2 чоң, 2 кичи футбол аянты, медициналык комплекс, бардык шарттары менен жатакана, машыктыруу мектеби, унаа токтомолор жана башка тиешелүү объектилер курулат.

"3000 жылдык тарыхы бар Ош шаары бүгүнкү күндө өлкөнүн эң бай шаары. Бул жергиликтүү башкаруу органынын гана эмес, алардын идеяларын колдоп келген жарандардын да жетишкендиги. Анын арты менен Ош шаары өнүгүү жолуна түштү. Алдыда дагы жасалчу иштерибиз бар. Жакында кабыл алынган программабызда ар бир көйгөйдү кароого аракет кылдык. Шаарыбыз таза шаарлардын бири. Анын ортосунан өткөн Ак-Буура дарыясы, борборунда орун алган экинчи Мекке аталган Сулайман-Тоо калаабызга көрк кошуп, элибизди ыймандуулукка, биримдикке, достукка сүрөп турат. Ош көп улуттуу болгондуктан, мамлекет, жергиликтүү бийлик түрдүү маданий иштерди уюштуруп, бардык улуттарды катыштырууга көңүл буруп келебиз. Мындай иш-чаралар биримдикти жана ынтымакты чыңдайт. Шаарда 7 жогорку окуу жайы, 6га жакын атайын окуу жай, 63 мектеп, 28 бала бакча орун алган. Жаш муунга жакшы шарт түзүү үчүн заманбап бала бакча, мектептерди курдук. Жол коопсуздугун жандандыруу максатында видеобайкоолорду коюу аракеттерин көрүп жатабыз. Ош шаарына 2016-жылы бюджеттен 980 миллион сом бөлүнсө, 2017-жылга 1 миллиард 130 миллион сом каралды. Бюджет карапайым элден чогултулган салыктардын эсебинен толукталат. Аны кайра эл менен талкуу кылып, алардын сунуштарын угуп, чечим чыгарабыз. Андан соң шаардык депутаттардын астына коюп, сапаттуу жасоого аракеттенебиз. Калаабыз келечекте туурасынан да, бийиктигинен да өсөт", - дейт Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров.

Улуттар арасындагы достук тууралуу сөз козголгондо 2010-жылдын Июнь окуясы эске түшөт. Ал окуялардан жабыр тарткандар үчүн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекция тарабынан көп кабаттуу үйлөр курулган. Тургундардан сапаты начар үйлөр тууралуу арыздар түшкөн. Бул маселе боюнча Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин директору төмөнкүлөрдү билдирди.

"2010-жылы Мамлекеттик дирекция тарабынан 1392 батир жайгашкан 24 көп кабаттуу үй салынган. Ал батирлер атайын комиссия тарабынан бөлүштүрүлгөн. Жыйынтыгында 700дөйү жабыр тарткандарга, 240 батир күч органдарына берилген, ал эми 391 батир Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөн. Алар бүгүнкү күндө жеңилдетилген шартта Ош шаарынын мамлекеттик кызматкерлерине берилип жатат. Ош окуясынан кийин тез арада салынганынын кесепетинен сапатсыз болуп калган үйлөр бар. Ош шаарындагы Анар районунда 2 блоктуу №16-үй жараксыз деп табылган. 30 батир жайгашкан "А" блогунда жаракалар кеткен. Мэрия тарабынан чара көрүлүп, комиссиянын кароосуна коюлган. Жыйынтыгында мониторинг жүрө электе эксплуатацияга берилип кеткени аныкталган. Ал үйдө жашаган тургундар башка үйлөргө көчүрүлүшкөн. Аны салган "Миа" ЖЧКсы бүгүнкү күндө бизге башка 30 батирлүү үй салып жатат, жакынкы аралыкта алабыз. Андан башка үйлөрдүн сапаты жакшы. Тилекке каршы, бекер алган оокатты жакшы колдонбогон учурлар болуп жатат. Мисалы, жакында эле азиздер жана дүлөйлөр үчүн берилген үйдүн жер төлөсүн суу каптады, себеби суу түтүктөрүнө ар кайсынын баарын сала беришкен", - дейт Алтынбек Пирматов.

Сапарыбызыдын жыйынтыгында Ош шаарын түнкүсүн жарык болуп турганын, тазалыгын, сейил бактарынын саны арбын экенин көрүп, өнүгүү жолуна түшкөнүнө ынандык. Ал тууралуу башка шаарлар үлгү ала турган, кыргыз элинин сыймыгы болчу шаар экенин айта алабыз.






Ош шаарына 3016 жыл

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(24)
05.10.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин Ош шаарым, сагындым сени!!!
05.10.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алтынбек Пирматов июнь окуясында жабыр тарткандарга толук берилбегенин да айтып койбопсуз!!! Эч кандай жабыр тартпай туруп уйго ээ болгондорду о.э уй алам деп алданып калгандарды да айтсаныз болмок!! Ишенбесенер "Кыргыз журтум" кайрымдуулук фондунан сурап коргуло айтып докменттеринен бери корсотуп берет!!!!
05.10.2016. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өркүндөй бер өсө бер Ош шаарым!
05.10.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туулган жердин топурагы алтын...Сагындым(((
05.10.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Мелистин эмгектери эле көрүнөтго .
05.10.2016. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Мелис Мырзакматовко чоон рахмат.Ош шаарын онугуу жолуна салып койгонуна.Иштеп турганда азыркы убакта кандай болуп озгорот экен эле ээ
05.10.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мелис ака Азаматсын.
05.10.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Оркундоп онуго суйуктуу Ош шаарым
05.10.2016. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Melis Myrzakmatovgo dank jana dunk!!! Munun baary owonun emgegi, azyrky Mer dayr ookatka kelip ele jep jatkan mezgili
05.10.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошко барыш керек эле , Ошту коруп дегендей
07.10.2016. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
finalyear2014,дайыма эшик ачык элида мейман дос келет келип коруп кеткиле
05.10.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ош шаарымды аябай сагындым. Жаштык кез, студенттик эн бир сонун учурлар, жагымдуу коз ирмемдер Ош шаарында калып кетти. Онугуп осо бер, Ордолуу ОШ шаарым.
05.10.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Лениндин эстелиги так ортосунда, бул Оштун дагы эле советтик шаар экенин билдирет.
05.10.2016. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Канчалаган мэр келип кетсе да кароосуз калып таштандыга толгон Ош шаарын ондоп-кулпуртуп бугункудой суктанаарлык даражага жеткирген Мелис Мырзакматов... Муну туштук элинин баары билет... Ошондой эл учун ак кызмат кылган эл уулдарын бийлик оппонент коруп кутулууга аракет кылат. Акаев оз убагында Н.Исанов, С.Жээнбеков, Б.Осмоновдордон "кутулду" эле, Атамбаев болсо Мырзакматовду куугунтуктап журуп эптеп Кыргызстандан кууп тынды, баа жеткис кызматы учун сыйлап-урматтагандын ордуна...
05.10.2016. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыркы мэр Мырзакматов ондоп-гулдоткон шаарга "даяр оокатка келгендей" келип отуруп калды. Бар кылган эмгеги Мырзакматов курмакчы болгон копурону узуну-туурасынан кыскартып отуруп 100млн сом уномдоп "эптемей" кылып бутуртту эле, эми жыл айланбай ремонт журуп жатат. Бул кетиште кайра кайра ремонт боло берип уномдолгон 100млн сомдон 5-10у жумшалат корунот ремонтуна... Анан мынча уномдодук дегенде жанын кашаят да, сапатын коруп туруп... Бул копуро али 10 жылга жетиши кумон...
05.10.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сагындым Ош шаарымды
05.10.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атамбаев президент боло туруп 5 жылда бир шаар мэринин (Мырзакматовдун) 1 жылдык ишин аткара албаптыр. Кайра Кыргызстанды карызга батырып салды. 120 депутаттын "абалы" тиги. Ал эми ак кызматы менен элине жаккан Мырзакматов бийликтен куугунтук жеп башка олкодо мусаапыр болуп журот. Ушунун озу канчалык адилеттуу?!! Эл уулдары сургундо, жеп-жутарлар бийликте...

Ошол учун да башка олколор алдыга, биз Кыргызстан артка карап "онугуп" жатабыз...
06.10.2016. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мырзакматов мээр болуп турганда мындан да кооз болмок дагы да озгоруулор болмок эмнеге биздин чондор бир жакшына иштеп жаткан адамды чыныгы кыргыз учун куйгон патриотторду коро албай куугунтуктап турат а?
06.10.2016. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош шаарыбызды корууну буйрусун жараткан. Жылда бара албай калам;(
SUPER.KG видео
06.10.2016. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин Ош!суйом сени!
06.10.2016. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маладестер
06.10.2016. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
But ele Melis Myrzakmatovdun emgekteein korsotup maktangandan uialbai ishtegen merge rahmat chooon ushundai betin tabaktai kylyp men kyldym degenden kiin soz jok.... el bilet kim kylganyn
06.10.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мелис Мырзакматов жесе дагы ишти кылып коюп жеген а депутаттар 5жылда жеп тойбой дагы шайлоого келишет, Мырзакматов Ошту 2 эле жылда оңдоп койду, президенттике талапкерлигин койсо жакшы болмок.
06.10.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу дегенге тили келбей любовь,Love деп жазып койгонбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: