super.kg logo

Уурдалган эшектер кандайча "мыйзамдаштырылып", Кытайга сатылууда?

 

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, 2016-жылдын июнь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кытайга 2000 эшек экспорттолгон. Айрымдар алардын көпчүлүгү уурдалган эшектер экенин айтышууда. Мындан улам “Уурдалган эшектер кандайча "мыйзамдаштырылып", Кытайга сатылууда?” деген суроо жаралат. Себеби сатыла турган мал алыс жолго алынып баратканда милиция “уурдалган эмес”, ветеринардык инспекция “оорусу жок”, айыл өкмөтү “өзүнүкү” деген тактама берет. Бул маалым каттарсыз малды алыс жолго алып чыгууга мүмкүн эмес. Демек, эшектерди сатууда жогорудагы эреже сакталыш керек. Бирок бир катар айыл өкмөттөрү менен байланышканыбызда, “эшек сатат элем” деп эч ким маалым кат сурап кайрылбаганын айтышты.

Айылда эшектерди союп, терисин сыйрып кеткен фактылар болууда. Бирок ушул убакка чейин “эшек сатат элем” деп эч ким кайрылган жок”, - дейт Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкери Асан Тыныбеков.

Ал эми малды өлкөдөн сыртка алып чыгууга уруксат алуу үчүн экспорттоочу Кыргыз Республикасынын башкы ветеринарына арыз менен кайрылышы керек. Арызда экспорттоочунун аты-жөнү, малдын аталышы жана саны жазылат.

Бизге жеткен маалыматка ылайык, 2000 эшекти Кытайга “Дружба Импекс” ишканасы экспорттогон. Аталган ишкана 1974-жылы туулган Кытай Эл Республикасынын Жу Бо аттуу жаранына таандык. Эшектерди өлкөдөн алып чыгып кетүүгө уруксатты Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы берген. Мындан улам "Демек, уурдалган эшектер аталган инспекция тарабынан "мыйзамдаштырылып", чет өлкөгө сатылуудабы?" деген сурообузга өлкөнүн башкы ветеринары Калысбек Жумаканов төмөнкүчө жооп берди:

"Атайын ишкана бар, эшектер алардын менчиги. Бирөө сатып алат, бирөө сатат экен. Анан мен уурдалып, уурдалбаганын билбейм да. Биз ветеринардык-санитардык норманын негизинде гана уруксат беребиз. Ал эми уурдалганы боюнча жоопкерчилик ишкананын мойнунда болот" .

Экспорттолгон эшектер тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында айтылган. Анда депутат Мирлан БакировКанчалык мыйзамдуу болгон күндө да, эшектердин сатылышы өлкөгө аброй алып келбейт. Биз мамиле курган араб мамлекеттерине бул жагымсыз маалымат болуп калат” деген болчу.

Өлкөдө эшек уурдап, сот жообуна тартылгандар да бар. Нарын облустук сотунун маалыматына караганда, 4 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

2016-жылдын жаз айларында Ат-Башы районунун 1989-жылы туулган Ж.Кубанычбек жана 1992-жылы туулган М.Бакыт аттуу эки тургуну Жаңы-Күч жана Кызыл-Туу айылдарынан жалпы 11 эшек уурдашып, аларды талаадан союп, терисин сыйрып кетишкен. Сыйрылган терилердин кичинесин 1500 сомдон, чоңун 2500 сомдон сатышып, жалпы 21 500 сом пайда көрүшкөн. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгымдар тергөөнүн жүрүшүндө өндүрүлгөн. Мындан улам алар эч кандай дооматтары жок экенин айтышып, кылмыш ишин кыскартууну өтүнүшкөн.

Ишти 21-июль күнү Ат-Башы райондук соту карап, Ж.Кубанычбек менен М.Бакытты "мал уурдоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Мындан улам 59-берененин негизинде белгиленген жазалары жарым-жартылай кошулуп, 8 жылга шарттуу соттолуп, 2 жылга сынак мөөнөтү чектелген.

Ушундай эле уурулук фактысы 2016-жылдын башында Кочкор районунда катталган. Анда 1979-жылы туулган А.Акылбек жана 1979-жылы туулган С.Замирбек аталган райондогу Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш, Кара-Мойнок, Мантыш айылдарынан жалпы 7 эшек уурдашып, терилерин сыйрып кетишкен. Тергөө учурунда келтирилген материалдык чыгымдар толук төлөнүп берилгендиктен, жабырлануучу тарап эч кандай доо арызы жок экенин айтышып, кылмышты кыскартууну өтүнүшкөн. Ишти Кочкор райондук соту карап, А.Акылбек менен С.Замирбекти 6 жыл 6 айга шарттуу кескен. Ошондой эле 2 жылга сынак мөөнөтү чектелген.






Кытайга эшектердин экспорттолушу боюнча оюңуз кандай?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(21)
21.10.2016. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайдан коркпойт экенсинер да.Бир кун келет ушул эшектердин каргышында каласынар. Анткени эшекти жараткан зат сойгула терисин сыйрыгыла деп берген эмес.
Анын эти арам,иши адал.
Oylonkyrgyzym түзөттү 2016-10-21 18:08:08
21.10.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бир жылдары кытайларга темир сатып да ушундай бизнес кылышкан. Ошондо да уйлордон казандарды, кумгандарды ж.б.у.с. уурдап сатмай модага айланган.Темир тугонду ал бизнес да токтоду.Эми эшектер тугонмойунчо бул бизнес да токтобойт го сыягы. Кийин озубуздо эшек калбай калып Кытайдан эшек сатып алып калбасак болду.
21.10.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кытайлар олдуго кыргыздын баардык нерсесин ташып туготушту темир тезек калган жок эми эшеке отушкон тура булар окмот мындайды токтотуш керек эшек сатып элибиздин экономикасы которулбой эле койсун андан коро журо берсин ар жерде эле
21.10.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кызыгы ошол кезде темирди оптом контрабанда кылып Кытайга саткандардын айрымдары азыр ЖКда депутат болуп олтурушат. Кийин эшек сатып байып кеткен адам ЖКга депутат болуп келсе тан калбай эле койгула.Бул боло турган нерсе.
21.10.2016. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aser80, Олтуросун го ха-ха!
21.10.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эх акча десе абирди кошуп сатмай кунодон коркпогон адамдар ынсаптуу болсонор эртен алланын астына бара турган адамдарбызго кытайларго карырлар барибир тозоктук а биз муссулманбызго астафирула
22.10.2016. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Aser80, Эшек сатарлар уже Акуйдо отурат. Эшек бизнесинин башкы фигурасы жана "крышалары" депутат-министрлер арасынан табылса тан калып кереги жок. Эшек бизнесин жогорку эшалондогу саясатчылар жургузгону учун да канчалаган эшек уурдалып, канчасы териси сыйрылып кетсе да милиция издоо салып эч кимди кармабаганы, ветеринарлар жанталаша сертификат бергени, акимдер бар эшектерди жок деп жанын жегени баары эшек бизнесинин Акуйдун 7-кабатынан башталганынан улам...
22.10.2016. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Revolyutsiya,азыр эшек эмес унчукпай жатсан сени деле теерини сыйрып кытайга откозуп жиберет булар
21.10.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүң сакта.
21.10.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ой бизде конституция жоголот дагын, эшекти мыйзамдаштыруу кеп беле.
21.10.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эшектин териси 1000 долар екен
21.10.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зшекке сурак жокдейт бизде.
22.10.2016. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аталган айылдан (Кочкор) менин эшегимди сойуп кетишкен, эч кандай чыгымды толоп беришкен жок. калпты айтканга машпыс.
22.10.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эшек менен отун-суу алып кара кучун пайдаланып, чоп салып суугарып багып журуп эле анан эшегин алдырып жиберген элеттиктерге кыйын эле болду. Эми ушул балээнин башы Акуйдон башталат. Акуйдо "эшек сойоор, Эшек сатаарлар" отуруп алып милиция, ветеринар, айыл Окмот менен бажы кызматын коркутуп жаап-жашыртып келет. Эшек бизнеси качан токтойт? Ошону уюштурган Акуй-Кокуйдогу эшек сатаарлар креслосун тапшырып бийликке тузугуроок адамдар келгенде токтойт...
Медиа-портал
22.10.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмненин этин жеп жатканыбызды бир Кудайдан башка эч ким билбей калды го.Кафеге кирип тамактанып калганда эшектин эти эмес болду бекен деген ой келе турган болду.
Медиа-портал
22.10.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол экспорт болгон эшектер Кыргызстанга кайра эле тушенка болуп келет.
KG-BALA94 түзөттү 2016-10-22 15:35:17
23.10.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызстанды уят кылып бутмой болду го
SUPER.KG видео
23.10.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эли оз прадукциялар башка жака экспорттой алышпайт мисалы ошол эле эт,сут,жашылча жемиштер дегендей,анан кандайча ушунча эшекке уруксат берип чыгарып жиберишти. Бизге каалаган олко эч текшеруусуз прадукцияларын товарларын киргизип жатышат эмне кыргыз эли ылгабай адал,арам,ден соолука зыяндуулугу менен иши жок эмне берсе ошону ашай берген же астына келгенди сугунган комбайынбы?ушунун баары "жаман уйду коногу бийлейт"дегендей бийликтегилердин оз чонтогу учун жан тарткандыгында болуп жатат.
SUPER.KG видео
23.10.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилер эл учун куйуп ойлонсо мындай болмок эмес. Азык тулукту жетиштуу текшеруу лабаратория жок дешет миллиондогон акчага кайдагы оюундарды откоргучо келечеке керектуу лабаратория салышпайбы? Бизди кытайлар тымызын кыра турган болду го,келечек муунду ойлонуп сырттан келген товарларды тыкыр текшерип киргизууну колго алып ойлонуп коюшса боло урматуу кыргыз эли сыйлап колдоп шайлаган ак уйдогу пенделер акчанын кулу эмес,намыстын кулу болгулачы?акыретти ойлонуп, туболук калбайсынар бул жакта.
SUPER.KG видео
25.10.2016. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшекти кызыл китепке киргизиш керек го э эшектер кризис болуп баратат
Медиа-портал
30.10.2016. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бутуп эшек калды эле озу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: