Камчыбек Ташиев: "Ата Журт" менен "Бүтүн Кыргызстандын" биригүүсүнүн максаты - президенттик шайлоо"

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарында саясатчылар Ахматбек Келдибеков ("Ата Журт"), Камчыбек Ташиев ("Ата Журт") жана Адахан Мадумаровдун ("Бүтүн Кыргызстан") маалымат жыйыны өтүүдө. Алар өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча өз пикирлери менен бөлүшүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришмекчи.
Сөздү Адахан Мадумаров баштады. Анын айтымында, аталган үч саясатчынын биригүүсү боюнча келишим быйыл июль айында бекитилген. Мындан тышкары ал бул биримдикке Өмүрбек Суваналиев да киргенин белгиледи.
Андан соң Камчыбек Ташиев өз сөзүн айтты. Ташиевдин билдиришинче, биригүүнүн максаты - 2017-жылы президенттик шайлоого катышууга даярдануу. "Үчөөбүздүн бирибиз президенттикке талапкер болобуз. Ким талапкер болору партиянын жыйынында аныкталат. Эгер кайсы бир күчтөр биз менен бирге болобуз дешсе, алар менен биригүүгө даярбыз", - деди Ташиев.
Саясатчы Келдибеков өз сөзүндө экс-башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы айыптады. "Өз убагында Аида Салянова ыйгарым укуктарын Ташиевге жана мага каршы курал катары колдонгон. Учурда ал парламентте бийликтен мыйзамды сактоого чакырып жатат. Бирок ал өзү башкы прокурор болгон учурда мыйзамсыз аракеттерди жасаган", - деди Келдибеков.
Ташиев, Келдибеков, Мадумаров бирикти


