Экс-прокурор Канжар Кадыралиевге нааразылар президентке кайрылуу жасашты (видео)
Бишкекте бүгүн, 4-апрелде экс-прокурор Канжар Кадыралиевге нааразы жарандар маалымат жыйын өткөрүүдө.
Өзүн жабырлануучу деп тааныштырган Мирлан Жолдошов президентке кайрылуу жасады.
"Ош шаарында өзүмдүн ашканам бар эле. 2013-жылы Кадыралиевге ижарага берип, кийин аны өзүнө өткөрүп алган. Үйүмдү да тартып алды. Мени куугунтуктап, мен Орусияга качып кеткем. Мунун үстүнөн арыз түшкөндөн кийин кайтып келгем. 3 жылдан бери сот иштери жүрүүдө. Президентке кайрыларым, сот ишинин адилеттүү аякташына көзөмөлдүк кылып берсеңиз, жалгыз үмүтүбүз сизде", - дейт Жолдошов.
Канжар Кадыралиевдин башка былык иштери боюнча далилдер бар деген М. Жолдошов буларга токтолду: "Мендеги диктофондо бардык сүйлөшүүлөр жазылып калган. Сакалчандар келип мени кантип коркутуп жатканы жазылган. Башка далилдерди айткандан коркуп жатам, анткени Кадыралиев үй камагында. Камакта болсо башка кеп эле. Мен кайра-кайра маалымат жыйын берип башым ооруптурбу? Менин мүлкүмдү кайтарып берип койсун, соттон баш тартам".
"Буга чейин сотто Канжар Кадыралиевди кечирдим деп айткам. Эмне үчүн? Анткени мени кылмыш дүйнөсүнүн балдары ошентип айтууга мажбурлаган. Сотто ал балдар менин артымда отурган, видеолордон көрсөңөр болот. Балдарымдын коопсуздугу үчүн аргасыз болгон элем".
"Канжар Кадыралиев кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн жиберип коркутуп жатат. Өзү жолукпайт, жолукса ачыкка чыгып калам деп коркот. Сакалчан молдолорду жиберип жатат, ал молдолор мурда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү болушкан".
"Эгерде Канжар Кадыралиев эркиндикке чыгып кетсе, башка иштерди да айтып чыгам. Менде жетиштүү далилдер бар. Мен өз сөзүм үчүн жоопкерчилик тартууга даярмын. Ал эми бизди журналист Жанар Акаевге пара берди деген маалымат жомок. Кадыралиевдин жомокторун уга берип өзүм да жомокчу болуп кетмей болдум".
Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон.
Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Соттун алгачкы инстанциялары Кадыралиевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.
Жогорку Сот 2016-жылдын 27-январында айыпталуучу Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
кошулду
"Канжар Кадыралиев кафе, үйүмдү тартып алды"


Ал жанылык эмес адат
Апенди экенсинго
Дагы деле эркиндикте.Сотко берсе деле жаап коюп атат
Эскертүү!
1. Этика нормаларын сактаңыз!
2. Провокацияга жол жок!