super.kg logo

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 7-Апрель окуясында шейит кеткендер эскерилди

 

Бүгүн, 7-апрелде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардын 7 жылдыгын эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ага катышуу үчүн коомдук-саясий ишмерлер, Апрель окуяларынын катышуучулары, курман болгондордун туугандары келишти.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева Элдик Апрель революциясынын баатырларынын мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюшту. Андан соң шейит кеткендерге багышталып куран окулду.

Адилет Карасартовдун апасы көзүнө жаш алып "Бийлик балдарыбыздын каны менен келген жакшы турмушту мындан ары дагы өнүктүрсө, аны эл дагы колдосо", - дейт.

Айкөл Токтогонова Апрель Элдик Революциясында күйөө баласы кайтыш болгонун айтты. "Андан кийин 2012-жылы кызым эки баласын багам деп жүрүп автобус сүзүп кетип каза болду. 35 жашта эле. Экинчи 7-апрель кайталанбасын. Тынччылык болсун! Энелердин жүрөгү оорубасын дейт элем", - деди.

Апрель окуясынын катышуучусу Абдыкалык Абдыкаимов: "Биз революциянын максатына жетип жатабыз деп ойлойм. 2010-жылга чейинки жылдарга салыштырмалуу 40-45 пайызга жакшы жакка өнүктү. 7-апрель өлкө үчүн өнүгүүнүн башаты десек болот. Биз Кыргыз жеринин өнүгүшү үчүн, коррупция болбой, демократиялык мамлекет болсун үчүн чыкканбыз", - деди.


кошулду





"Ата-Бейитте" 7-Апрелде курман болгондор эскерилди

Автор: Перизат Музуратбекова
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
07.04.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Президентибиз чон жетишкендиктерге жетиштик дейт.Бильбейм кайсыл чон жетишкендиктер ошол 7 жылдан бери бир завод же фабрика ачылбаса.Эмгек мигрантардын саны кобойуп жатса.Тышкы карызыбыз 5млрд $ жетип калса.Айылдагы элибиз Казахстандыктарга караганда жакшы жашашат дейт.Билбейм бальким Арашандыктар жакшы жашап калгандыр.Себеби Арашанда асфальтар,мектептер,спорт залдар салыныптыр.Же болбсо Кой-Ташта хан сарайлар салынып жатканынабы биз казактарга каранда жакшы жашап калганбызбы.
KGstan1981 түзөттү 2017-04-07 12:29:09
07.04.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дагы бакиевти кунолоп аявай каргандынар эле
07.04.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан 15 жылдан бери ордунда турат.Бийликтегилер,тууган-тааныштары жылып аткандыр калган адамдар ошол эле өзүн өзү бакмай,өлбө жаным өлбө....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: