super.kg logo

Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү жерге берилди

 

Кырчындай 40 жаш курагында дүйнө салган ажарлуу, булбул үндүү ырчы Гүлбү Ороскул кызын бүгүн, 8-октябрда Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылында акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Андан кийин маркумдун сөөгү Чоң-Арык айылындагы көрүстөнгө маркум Элмира Кайып кызынын жанына коюлду. Ырчы менен коштошууга жакын туугандары, өнөр адамдары келип сөз сүйлөштү.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова Гүлбү Ороскул кызы сулуулуктун символу экенин белгиледи. "Кайың ыйлап, тал ыйлап, карап турган баары ыйлап" дегендей эки күндөн бери бүтүндөй кыргыз эли ыйлап жатат. Гүлбү өзү жаркырап турганы менен тагдырын да, талантын да ичине салып, бышырып андан кийин сыртына чыгарган айжаркын кыз эле. Гүлбү сулуулуктун символу болчу. Өлө турган кыз эмес элең, "ажал улук" деп бекеринен айтылбайт экен. Кош Гүлбү, жаткан жайың жаннаттан болсун", - деди Мамырова.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипова Гүлбү Ороскул кызынын мезгилсиз дүйнөдөн кайтыш болгону өз кызы Гүлзат Батыркановадан кийинки чоң жоготууга учурап жатканын айтты.

"Гүлбү менин кызым Гүлзаттан кийинки кызымдай болуп, мага канат, бутак болуп жүрчү. Төрт тарабы төп келишкен кыз эле. Иш десе ишке, оюн десе оюнга тойбой турган убагында арабыздан кетти. Мен үчүн бул өтө чоң кайгы", - деп мукактанды Шахра Талипова.

Ырчынын кызы Айзуура Иманалиева: "Апабыз сиңдим экөөбүздүн колубуздан узады. Кыздарымдын жанында болоюн деди окшойт да. Апабыздын элеси ар дайым жүрөгүбүздө болот. Анын аткарылбай калган иштерин өмүрүмдүн акырына чейин болсо да аягына чыгарам. Ал ар дайым адал эмгектенди. Бизге да "арам эмес, адал жол менен иш кылгыла" дечү. Ал эч кимге жамандык каалабаган адам эле. Акыркы сөзүн айтып жатып да "Кыргыз элим, бири-бирибизге жаман санашпайлы, кең пейил бололу" деди.

Апа, сенин эки кызың күчтүү кыздар. Болгону сахна бош калды. Апа, жаткан жайың жайлуу, топурагың торко болсун", - деп апасы менен коштошту.

Айта кетсек, Гүлбү Ороскул кызы 6-октябрь күнү 40 жашында дүйнө салган. Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча ырчынын ашказан оорусунан улам ичине кан толуп каза болгону маалымдалган.

Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жылы 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ырчынын артында эки кызы калды.






Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү жерге берилди

Автор: Нуржан Сманова
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(61)
08.10.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Жаман болду жайы жанатан болсун аттин дуйно барыбыздын барар жерибиз бир сыйлашалы достор сабыр берсин кыздарына апасына
08.10.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аттиң арман кетти бир сулуу.канча жолу сурандым түз эфирге чакыргылачы деп((( эми көбүрөөк видое күтөм шашып бушуп аз эле тартып киргизбей кененриреек тарткыла
09.10.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sabyr86, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
08.10.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Дагы бир адам, дагы бир жылдыз түбөлүккө жалп деп өчтү... Өлүм ачуу чындык. Эртеби кечпи баарыбызга келе турган нерсе. Кеч боло электе бул жашоого келген максатыбызды билип, Аллахты таанып, ибадат кылалы. Гүлбү эженин жаткан жери жайлуу болуп, Аллахым билип билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин! Артында калган кыздарына, урук тууганына ыйман берсин!
08.10.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Шордуум ай шордуум шорун коп экен да,какшатып кеттин го,жакын эле болуп калсам эмне.жазда буйурса чон той берем,толтура эл чакырам дечу элениз го,созунузго турбадыныз(((( арманда кеттиниз арманда
08.10.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бейиштен орун берсин!!
08.10.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сармерден жузу Сен элен Гулбу, Ойноп бир кулоор кез эле Гулбу. Сахнанын жузу сен элен Гулбу, Кеттинби мынтип тез эле Гулбу... Сагынаар жоктоп элиниз, бейиштен болсун жериниз
08.10.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эжекебай абдан сулуу, таланттуу, ачык айрым бир озгочо жан элениз, жапжаш кете бердиниз, ичим тузкуйгандай ачышып кабыргам кайышып жатат, Аллахым бейиштин торунон орун берсин.
08.10.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун бейишинди насип кылган болсун! Жакындарына сабырдуулук тилейм! !!
08.10.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун,бейишке чыксын
08.10.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жароокер жайнаган жылдыздай эле эжебиз. Жараткандын буйругу экен алып кетти каарду ажал. Кантебиз кош эже деп айтканга батына албай турам. Аттин кечеги бар адамдар бугун жок. Айта берсем арман коп. Жаткан жериниз жайлуу болсун кош эже...
08.10.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун Аллахым Бейиштен орун берсин.Эмгек синирген наам алды беле?
08.10.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун!!! АЛЛАХЫМ бейишинен орун бере кор!
08.10.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элмирбек кантти экен.ичине катты да ал деле байкуш акын.журокту ооруткан орду толгус жоготуу,аттин!!!
08.10.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
tatynam_88,Элмирбектин Булбулум булбулум ай ырын Элмира кайып кызы катырып аткарып ал да кетти..эми Булбулдун озу учуп кетеберди келбес жакка..
08.10.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kroxa,тууганым Элмирбек демекчи суротто корунбойт го келди бекен
TazaKyrgyz түзөттү 2017-10-08 20:22:35
09.10.2017. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун.
08.10.2017. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
08.10.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жайын жаннатан болсун!
Медиа-портал
08.10.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эжеке кандай таланттуу аял элениз!Бейиштин торунон орун берилсин.Урматтуу Элмирбек мырза кыздарга арка жолок болунуз,сизден сураныч!Журогум ооруду!Жашоо мынча татаал?Эжеке убагында дарыланса мындай болбойт беле??
08.10.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Эки кундон бери угуп алып жаман болуп журдум эле. Бугун видеосун коруп алып ыйымды токтото албадым. Кыздарына сабыр тилейм. Гулбу эжеге бейиштен оорун бере корсун аллахым!
08.10.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ыйымды токтото албай ыйлап турам.
Кош Гулбу эже,сенин унуно ,сулуулугуна суктанып буто алчу эмесмин(((((((
Бейиштин эшиги ардайым ачык болсун сизге.

Элмирбек Иманалиев корунбойтго,кыздарынын башынан кучактап,кайгысын тен болушуп,аялына топурак салса болмок аттин!!!
08.10.2017. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эльмирбек Иманалиев барбаптырбы,кыйын кундо калган кыздарына кайрат айтып башында турбаптыр да
08.10.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кызы эми тороп тыный электе жаман болду((( бейиши болсун
Медиа-портал
08.10.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эх тагдыр, сүйүнтүп жаратып-ыйлатып алып коёт экен,эмне мынча таш боор тагдыр...арга жок, жаткан жери жайлуу болсун,кыздарына сабыр...,Эльмирбек мырза көрүнбөйт го кыздарына жөлөк болуп турса болмок...((
JJAN түзөттү 2017-10-08 20:16:42
Медиа-портал
08.10.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун!Алла оз рахматына алсын.Коз жашсыз коруш мумкун эмес!Олум улук ичээр суубуз тугонсо Алланын буйругу менен кете берет экенбиз.Кыздарына жакындарына сабыр тилейбиз.
08.10.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Уккан адамдардын баардыгы эле "жаман болуп жатам"дешуудо.Эже жылмаюсу,ажары менен ушунча элдин журогунон оорун алыптыр.Бутундой кыргыз элинин "жайын жанаттан берсин"деген созун Жаратканым кабыл алсын.Жараткан мээримдуу,кечиримдуу зат.
SUPER.KG видео
08.10.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jurogum syzdap chykty, attin arman... Kyzdaryna bak, uzun omur jash bersin.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: