Премьер-министр Сапар Исаков добуш берди (фото)






Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо жүрүүдө. Премьер-министр Сапар Исаков Бишкектеги №1214-шайлоо тилкесинде добуш берди.
Добуш берип бүтүп, өкмөт башчы ММК өкүлдөрүнө эч кандай комментарий берген жок. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Динара Мусагожоеванын айтымында, азыркы учурга чейин эч кандай көйгөй чыга элек. "№1214-шайлоо тилкесинде 12 адам иштеп жатат. Саат 8де шайлоо тилке иштеп баштады. Мыйзам бузуу каттала элек. Премьер-министр бизден добуш берерин тизмеден билгенбиз. Биздин тилкеге 1258 шайлоочу катталган. Азыр 150дөй жаран шайлап кетти. Франция, Кытай, Орусиядан эл аралык байкоочулар иш алып барууда. Бир адам тизмеде жок болуп аты-жөнү башка шайлоо тилкесинен чыгып, аны ошол жакка жөнөттүк", - деди Мусагожоева.
Айта кетсек, республикада жалпы 2375 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Ал эми өлкө сыртында бүгүн 37 шайлоо тилкеси иштейт. Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы добуш берүү аяктаган соӊ 2,5 сааттын ичинде белгилүү болуп калат. Бул бюллетендер электрондук эсептөө боюнча борбордук серверге түшкөн маалыматтын негизинде жарыяланат. Демек, саат 22:30 чамасында кайсы талапкер канчанчы орунда баратканы расмий жарыяланары күтүлөт.
Премьер-министр Сапар Исаков президенттик шайлоодо добуш берди

