super.kg logo

Араба менен мүшөк ташып жүргөн баланын аракети коомчулукта эки ажырым пикир пайда кылды (видео)

 

Кичинекей бала ата-энесин күтпөстөн өз алдынча акча табууну чечип, базарда араба тартып жүргөнү тартылган видео интернет желесине тарап, коомчулукта суктанууну эмес, сын-пикирди жаратты.

Тасма тамаша иретинде тартылган болушу мүмкүн. Бирок көпчүлүк кичинекей баланын укугу бузулуп жатканын айтып, ата-энесин сынга алышууда.

Окуя Кыргызстандын кайсы аймагында тартылганы азырынча белгисиз.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, жумушка кабыл алуунун жалпы жаш курагы - 16 жаш. 14 жаштан баштап окуучулар ата-энесинин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен окуудан бош убактысында жеңил жумуштарды аткара алышат. Ошондой эле Балдар жөнүндө кодекске ылайык, баланын ден соолугуна, билим алуусуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирген эмгекке тартууга тыюу салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: