super.kg logo

Кыргызстанда камсыздандырылган үйлөрдүн саны 412 миңден ашты (видео)

 

Октябрь айынын аягына карата өлкө боюнча 412 миң 730 үй камсыздандырылган. Бул жалпы турак жайлардын 31,9 пайызын түзөт. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө ар бир үч үйдүн бири камсыздандыруудан өткөн. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун төрагасы Элдияр Калдарбеков "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жылда камсыздандырылган турак жайлардын үлүшү кыйла көбөйгөн. Эки жыл мурда бул көрсөткүч 10 пайызга да жеткен эмес.

"Он айдын жыйынтыгы менен 30 пайыздан ашты. Эки жыл мурун эле 10 пайызга жеткен эмес. 2024-жылы президентибиз камсыздандырууга көңүл буруп, атайын жарлык чыгарып, колдоо көрсөткөн. Ошондой эле материалдык базабызды чыңдоого жардам берген. Анын натыйжасында азыркы учурда көрсөткүч 30 пайыздан ашты. Бул дагы чек эмес. Жылдын жыйынтыгы менен 40 пайыздан ашырууну пландап жатабыз",- деди ал.

Калдарбеков белгилегендей, турак жайды камсыздандыруу социалдык долбоор катары жүргүзүлөт. Ага ылайык, айыл жериндеги үйлөрдү камсыздандыруу акысы 600 сом, ал эми шаарларда 1 200 сом болуп бекитилген.

Мекеменин маалыматына ылайык, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөдө жаратылыш кырсыктары көбөйүп жаткан шартта турак жайды камсыздандыруунун мааниси артууда. Мындай кырсыктардан жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү камсыздандыруу системи аркылуу ишке ашырылат.






 Кыргызстанда камсыздандырылган үйлөрдүн саны 412 миңден ашты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: