super.kg logo

Айыккыс дартка чалдыккан бейтаптарга колдоо көрсөтүү үчүн атайын долбоор демилгеленди

 

Кыргыз өлкөсүндө оор илдетке кабылгандарга моралдык жардам берүү кызматтары жетишсиз. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда "Ачык медициналык коому" коомдук бирикмесинин "Үйдөн паллиативдик жардам берүү" долбоорунун демилгечиси Лола Асангазиева билдирди.

Ал белгилегендей, айыккыс дартка чалдыккан бейтаптарга жардам көрсөтүү медицинасынын доктору Стивен Коннордун изилдөөсү боюнча, Кыргыз өлкөсүндө бир жыл ичинде оор илдетке кабылган 20 миң адам колдоого муктаж болот. Бирок шарттын жетишсиздигинен жыл ичинде өлкөдөгү 600 адамга гана тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп келет. Буга байланыштуу айыккыс дартка кабылгандарга моралдык жактан жардам көрсөтүүнү өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу аракеттери көрүлүүдө.

"Ачык медициналык коому" коомдук бирикмесинин "Үйдөн паллиативдик жардам берүү" долбоорун Лола Асангазиева демилгелеп, 2013-жылдан баштап айыккыс дартка чалдыккандарга жардам кылып келет.

Улуттук Онкологиялык борборунун үйдөн жардам көрсөтүүчү дарыгери Салтанат Мамбетова: "Бейтаптын жакындарына моралдык жактан жардам кылынып, оорусу тууралуу медициналык түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Чындыгында өз ата-энесинен же бир тууганынан ажырагысы келбеген жарандар компьютердик томографияга Түркия, Израиль, Орусияга алып барып айыктырам дегендер көп болот. Кээ бир учурларда жолдон баратып каза болуп калгандар да жок эмес. Ушундай абал болбошу үчүн аларга алдын ала кам көрүп оорулуунун кыска күндөрүн тынчтыкта өткөрүүсүн камсыз кылабыз", - деп билдирет онколог-дарыгер.

Жалпы Кыргыз өлкөсү боюнча 3-4-баскычтагы онкологиялык бейтаптарды 10 күндөн 14 күнгө чейин дарылоо үчүн 31 гана орундук каралган. Анын 25 палатасы Бишкек шаарындагы Улуттук онкологияда болсо, Ош шаарында дарылоого 6 орундук берилген. Башка облустарда, тилекке каршы, азырынча мындай бөлүмдөр жок.






Онкология: "Өлкөдө 20 миң адам колдоого муктаж"

Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.11.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ушул аты жаман айыккыс оорудан пенденди озун сактай гор!
SUPER.KG видео
03.12.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыфаасын берсин оорулуу инсандарга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: