Бишкекте студенттер жазуучу Чыңгыз Айматовдун эстелигине гүл коюшту







Бүгүн, 12-декабрда Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери борбордук аянттагы жазуучунун эстелигине гүл коюшту. Жалпы иш-чарага 20дан ашуун студенттер жана шаардын тургундары катышты.
Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган. Ал мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин жазуучу Кыргыз мамлекетинин Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалаган.
Жазуучу 2008-жылы 10-июнда Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган. Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргыз өлкөсүндө адабият күнү деп жарыяланган.
Студенттер Айтматовдун туулган күнүнө карата анын эстелигине гүл коюшту
Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Нурсултан Нурболот уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.