ЖЫЛНААМА, 15-ДЕКАБРЬ: Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 53 жашка чыкты
Мындан 53 жыл мурун, 1964-жылы 15-декабрда өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Кубатбек Боронов Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
1986-жылдын сентябрь айынан 1991-жылдын июнь айына чейин Фрунзе политехникалык институтунун «айыл чарба курулуш» факультетинде окуган.
Аскердик наамы – генерал-майор.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1983-жылдын май айынан баштап 1985-жылдын июнь айына чейин Советтик Армияда кызмат өтөгөн;
1991-жылдын сентябрь айынан баштап 1991-жылдын декабрь айына чейин «Фрунзекурулуштун» СМУ-9 трестинде таш тизүүчү болуп иштеген;
1992-жылдан тартып «Кыргызкурулуш» АК караштуу «Стройлескомплект» ПБдө 1-категориядагы инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы болуп иштеген;
1998-жылдын январь айынан 2000-жылдын июнь айына чейин «Кыргызкурулуш» АК караштуу жыгач иштетүүчү заводунун директору;
2001-жылдын июнь айынан 2002-жылдын февраль айына чейин «Гоктүрк» ЖЧУ директорунун орун басары;
2003-жылдын февраль айында ЭӨКМнын Жарандык коргонуу штабына анык аскер кызматына чакырылган, пландык-экономикалык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган;
2003-жылдын ноябрынан 2006-жылдын январына чейин ЭӨКМга караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары,
2006-жылдан 2008-жылга чейин ӨКМнын Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары, ӨКМнын Чүй облустук башкармалыгынын башчысы кызматтарында иштеген;
2009-ж. февраль айынан 2010-жылга чейин ӨКМнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы;
2010-жылдын январынан 2010-жылдын августуна чейин ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору;
2010-жылдын август айынан баштап 2011-жылдын декабрь айына чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары.
2011-жылдын 24-декабрынан тартып президенттин жарлыгы менен өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындалган.
2014-жылдын 29-декабрында президенттин жарлыгы менен генерал-майор жогорку аскердик наамы ыйгарылган.
Сыйлыктары:
- 2009-жылы президенттин буйругунун негизинде Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошконуна, көп жылдык эмгегине президенттин аты жазылган сааты менен сыйланган;
- ӨКМнын жана Казак Республикасынын мекемелик сыйлыктарына ээ.
15-декабрга карата жылнаама.
Өзгөчө кырдаалдар министри К. Боронов: "Ош окуясы келинчегим экөөбүздү табыштырды"





1 |