Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: "Бишкекте өзүнүн баласын тепкен ата биздин көзөмөлдө болот"
Бишкекте өзүнүн баласын тепкен ата үй-бүлөсү менен Сокулукка көчүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова билдирди.
Анын айтымында, учурда баланын апасы тосмо арыз жазып берген үчүн кылмыш иши токтотулган.
"Учурда Адиев.Б. биздин көзөмөлдө турат. Бул иш боюнча бардык тиешелүү иш кагаздар толтурулган. Бала менен жана анын апасы менен тажрыйбалуу психологдор иштеп, "бала жана апасы зомбулукка кабыл болгон жок" деп жыйынтык чыгарышкан. Ошол эле тапта баланын апасы "зомбулукка кабылган эмесмин, мага эч кандай жардам кереги жок" деп бизге айтууда. Соттун жыйынтыгына биз каршы пикир айта албайбыз. Баланын апасы анын мыйзамдуу өкүлү, ошондуктан биз эч кандай чара көрө албайбыз.
Азыркы тапта Адиев үй-бүлөсү менен Сокулукка көчүп кетишкен. Биз алар менен телефон аркылуу байланышып, көзөмөлдөп турабыз. Ошондой эле Адиев жана анын аялы, баласы менен психологдор иштеп турушат", - деди Султанмуратова.
Айта кетсек, өткөн жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алган.
Бишкекте өз баласын тепкен атага карата козголгон кылмыш иши токтотулду

******************