ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: Белгилүү ырчы жана композитор Мурат Насыров каза болгон

Белгилүү ырчы, композитор Мурат Насыров 1969-жылы 13-декабрда Алматы шаарында төрөлгөн. Улуту уйгур, ырчынын атасы учурунда такси айдап үй-бүлөсүн баккан, апасы фабрикада жумушчу болуп иштеген. Мурат беш бир туугандын кичүүсү болгондуктан абдан эрке өскөн. Ырчы кичинесинде көпчүлүктөн алыс болгонду жакшы көрчү. Ошондон улам үйүндөгүлөр Муратты ырчы болот деп ойлошкон эмес. Анын музыкага болгон кызыгуусу жети жашынан ойгонгон. Гитара чертүүнү үйрөнүп, өзүнө жаккан ырлардын обондорун ойной баштайт. Ошондо эле анын музыкалык шыгы байкалган. Музыкадан тышкары математика, физика деген сабактарды кызыгуу менен окуган. Мектепти аяктаган соң аскерге чакырылат. Аскерден келген соң ырчы чыгармачылыкка жан дили менен берилип, “Москвага барып чыгармачылыгымды улантсам” деген ойго арбалат. Буга, албетте, ата-энеси каршы чыгат. Бирок өзүн сахна адамы элестетип алган Мурат эч кандай тоскоолдукка, апасынын ыйлаганына да карабастан 1989-жылы Москвага сапар алат.


2

Супер-Инфо
super.kg видео
















