super.kg logo

Бишкек ЖЭБдеги авария эмнеден улам болгону айтылды

 

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авария жел үйлөгүчтөр оңдоп-түзөөдөн көп жылдан бери өтпөгөндүктөн болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда пресс-турдун жүрүшүндө журналисттерге аталган ишкананын директору Нурлан Өмүркул уулу билдирди.

Анын айтымында, химиялык цехте модернизация алкагында оңдоп-түзөө аягына чыккан эмес. "Азыркы учурда жел үйлөгүч калыбына келтирилди. Мурда буга каражат которулган эмес. Жабдыктар 1960-жылы орнотулган", - деди Өмүркул уулу.

Мындан тышкары ал аварияга күнөөлүү адамды жана ага карата кандай чара көрүүнү атайын комиссия аныктай турганын айтты. "Бишкек ЖЭБдин ар бир жетекчисине тиешелүү милдеттер жүктөлгөн", - деди ал.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.






Бишкек ЖЭБ: "60 градустун тегерегинде жылуулук берип жатабыз"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.01.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жел үйлөгүчкөда миллиондогон акча каражатын короткула кийинки жылы бузулса бул нерсе бузулду акча бөлүнгөн эмес эле деп дагы акча короткула. Өткөн жылы ЖЭБ толук оңдоп түзөөдон өттү 386 миллион доллар коротулду деген элеңер, бирда элди ойлогон адам калбаптыр бийликте.
29.01.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Болунгон сумманын канча бир пайызын жешти да, буларын жоопкерчилике тартылбайт, чогуулуп жешкенда, эми текшере келгендерине да жегиндеринен болушуп оозун басып коет, болду анан ошо мн эскилиги жетип иштен чыккан учун маселе жаралды деген тыянак чыгарышат, ремонттогонго каражат болунуш керек деп, кайра болунгон суммадан да жешет, булардыкы талап тономой эледа, иштей турган бироо жок.
29.01.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖЭБдин кайсы болугун ондодунар 386 млн долларга? Ондоого муктаж болугун ондобой керексиз жерлерин ондогон окшойсунар.
29.01.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек жуз миллиондогон доллар акчалар ким бироолордун чонтогуно тушкон. Мисалы Ашадан тарта ТЕЦтин директору, инженери ж.б. чейин.....
SUPER.KG видео
29.01.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жабдыктар бут эски. Жаныртып коюшса кана.
30.01.2018. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комиссия тузуп 386 миллион долларга кайсы жерлери ремонт болгонун анализдеп чыгыш керек. Анан жегендерди Ашаны кошуп кустуруш керек анан камаш керек тируундо Атамбаевти. ХХХХ келди бардык жагынан артка кетти Кыргызстаныбыз кундо олум беспредел болуп кетти
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-30 09:26:16
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: