Орусияда учак кулап, ичиндеги 71 адамдын баары каза болду. Арасында Кыргыз жарандары жок



Бүгүн, 11-февралда Москвадан Оренбург облусуна сапар алган учак кулап түштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, учактын ичиндеги 71 адамдын баары каза болду. Алардын 65и жүргүнчүлөр, калган алтоосу экипаж мүчөлөрү болушкан.
"Учурда мамлекеттер аралык авиация комитети авиакырсыктын себебин иликтөө боюнча комиссия түзүп, адистер иш алып барууда. Ал эми кырсыкка кабылган АН-148 учагынын пилоту болгон Валерий Губанов буга чейин 5 миң саат учкан тажрыйбалуу адис болгонун "Саратов авиалиниялары" компаниясынын жетекчиси билдирди. Эртең, 12-февраль күнү Оренбург шаарында аза күтүү болот. Ошондой эле учактын техникалык абалы жакшы болгонун, ал 2010-жылы чыкканы маалым болду. Учактын кулап кетиши боюнча кылмыш иши козголду. Кырсыктын себептери иликтенүүдө", - деп жазышат басылмалар.
Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок.
71 адамдын өмүрүн алган авиакырсыктын себеби тактала элек

Оз элибизде, жерибизде, жакындарыбыздын жанында олууну Аллахым насип кылган болсун.
Биринчи ушул Кабарды укканда Москва- Ош экен деди эле, озумду коерго жай таппай калдым эле. Акыры бул жака чыгып санаам тынчыды.
Эхх байкуштар, учак кулаарын билишсе кана, кырсык каш кабактын ортосунда экен да. Абдан окунучтуу(((
карабай жаман болуптур,бейишин берсин...
Анан бизде да самолет кулабады беле.кийин анын эмнеден улам кулаганын же Черный ящик табылды дединер эле анан болду?тоесть эмне деген жыйынтык чыкты эле?