super.kg logo

Жол кырсыгынан аялы каза болуп, кызынын буту кесилген жаран: "Мени алдамчы деген маалыматтар тарагандан кийин адамдар телефон чалып коркутуп жатышат"

 
Жыргалбектин эсебине чогулган акчанын суммасы
Өлүк сактоочу жайдан жубайынын сөөгүн алып кеткени тууралуу документ
"ЭЛСОМ" ачылганы тууралуу банктан берилген документ

WhatsApp аркылуу тарап жаткан “жол кырсыгынан аялы каза болуп, наристе кызынын бир буту кесилгенин айтып Жыргалбек Чотонов аттуу адам элден алдамчылык менен акча чогултуп жатат” деген маалыматтар жалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 18-февралда Жыргалбек Чотонов өзү билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган маалымат тарагандан кийин ага телефон чалып коркуткандар да болгон.

“Мен тууралуу “мурда соттолгон, алдамчылык менен алектенип жатат” деген маалыматтар туура эмес. Мен эч качан соттолгон эмесмин, жадакалса соттолмок тургай, бир да жолу суракка да алынган эмес элем. Мен аялым каза болуп, кызым бир бутунан ажырап отурса, алдамчылык менен алектенип жүрмөк белем? Кандай адамдар мындай маалыматтарды таратып жатат билбейм. Бул маалыматтар тараган соң мага белгисиз адамдар 2-3 жолу телефон чалып “алдамчысың” деп коркута башташты. Азыр шаар ичинде жалгыз жүргөндөн коркуп, жанымда туугандарым кошо жүрүшөт”, - дейт Жыргалбек Чотонов.

Айта кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде 1 жаш 8 айлык кызын көтөрүп жол жээгинде турган келинди унаа сүзүп кеткен. Ал өзү алган жаракатынан улам ооруканада каза болсо, кызынын жамбаш сөөгү жанчылып калгандыктан дарыгерлер анын бутун кесип салууга мажбур болушкан.

Бул окуядан кийин кырсыкка кабылган наристеге жардам берүүнү каалаган адамдар атасы Жыргалбектин “ЭЛСОМ” мобилдик капчыгына акча каражаттарын которуп башташкан. Кийин WhatsApp аркылуу "Жыргалбек Чотонов аттуу адам алдамчылык менен алектенип жатат, мурда алдамчылык фактылары менен соттолгон" деген маалыматтар тарай баштаган.


кошулду





"Мени алдамчы деген маалымат тарап, адамдар телефон чалып коркутуп жатышат"

Автор: Кенжебай Сатканалиев
Оператор: Максат Орозумбетов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(25)
18.02.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Аллахым сизге жадам берсин сиз капа болбон буйруса баары жакшы болот
18.02.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+50
Ой тооба адамдар неле боло бересинер, кантип эле алдасын, аялы олуп кызы жарым жан болуп жатса.
18.02.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+36
Ошол алдамчы деп аудио тараткан адамдар адамдык абиири жок адамдар деп эсептейбиз.
18.02.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
ошол алдамчы деп жалган билдируу тараткандар ушул кишинин ордунда силер болуп калсанар.
18.02.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ушул адамга жардам бергендерге алла ыраазы болсун.
18.02.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Сабырдуулук каалап кетем, кырсык каш кабактын ортосунда..
18.02.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Аллах жардамчыңыз болсун!
Абалыңызды ойлоп көзүмө жаш тегеренди..
Эй Аллахым......
18.02.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Россиядагылар кантип акча которсок болот?
18.02.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай турса болбойбу...?!
18.02.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
мен бул кишинин аялы каза болгондо реанимациянын алдында болчум кайсыл айбан алдамчы деп жатат мындай оор кун душмандында башына тушпосун муну ошол алдамчылар коркутуп жатса керек чогулган акчаны алдап коркутуп алып алайлы деп кандай таш боор адамдар бар арабызда
18.02.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол акчаны озу алып жатса бир жон анан ортодо башка бироо алып жатса жаманда бироонун атын сатып
18.02.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах сабыр берсин.
18.02.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Арыз жазыш керек ошол тараткан адамдарды тапсын милиция
18.02.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ишенбеген киши жүзүн көрсөтүп элге видео билдирүү таратсын,көрөлү.Кайсы далилдерге таянып айтып жатты экен?

Каза болгон эже эжемдин кудагыйынын сиңдиси болот.
Эжелери, келиндерине чейин (сиңдим) боздошуп атса, тиги бекерчилердин чыгарганын карагыла.

kalima88 түзөттү 2018-02-18 18:50:15
18.02.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тообо элдин шуйкуму бузулуп баратат. Кырсык басып, оор абалда турган кишини алдамчылык менен куноологон чон кылмыш.Ушул байкенин куйуту канчалык жаман экенин билип туруп,мыскылдаган акмактар. Журок барбы силерде
18.02.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир кыз звонок кылган видео таркаган уну угулуп угулбай, мен да коруп алып жалган окшойт дегем.
SUPER.KG видео
18.02.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
вотссаптын баарында ушул соз кетип атат


Бишкектеги жол кырсыгынан аялы каза болуп, 1жаш 8айлык кызынын бир бутун кесип салышты. Жардамга муктаж, кайрымдуу инсандардан жардам бериниздер. Аллахтын ыраазычылыгы учун таратып койунуздар 0771 817615 Жыргал Чотонов
Канча кишиге кетирсенер тыйын которулат экен кызга
18.02.2018. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олгондун устуно комгон болуптур да кан жутуп отурат бул киши. Сабыр берсин кызыныз айыгып кетсин
19.02.2018. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акыр заман белгиси!
19.02.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кан жутуп олтурган кишини кайра коркутушканын кара.
19.02.2018. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи которулаары чынбы. Андай болсо жакшы. Мен башка эле адамдар бул баланын атын жамынып жанагы билдируулорду жонотуп жатышат деп тушунгом. А бул жигиттин кайгысынан кабарым бар. Видеосу да журот го. Жаман иш болду. Байкуш келин, байкуш наристе
19.02.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жок акмактар сөз тараткан адамдын башына мындан да оор сыноо түшсо эмне болот ойлонуп туруп иш кылыш керек да !сизге сабыр тилейм! Кызынызга Аллахым шыпаа берсин!
19.02.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аң сезими нол ,маңкурт сыяктанган адамдардын кылганына айласыздан тобоо келтиресиң. Аллах сабыр берсин, кызыңызга шыпаа берсин. ((((
19.02.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кишиден пайдаланып акча иштеп жатышат окшойт депминда,ватсаптан угуп . еще коркутуп жатканын тооба . кандай адамдар бар.
SUPER.KG видео
20.02.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр кылыныз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: