super.kg logo

Япониялык 24 жаштагы миллиардер жылына 10-15 балалуу болуу планын орундаткан

 

Япониялык Мицуоки Сигэта аттуу ишкер жана миллиардерге жергиликтүү сот буга чейин бакпай жүргөн 13 баласын кайтарып берди. Анын баарын Таиланддагы карын энелер төрөгөн. Бул маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

2014-жылы полиция кызматкерлери Таиланддын кыштактарынын биринен кароосуз калган 12 баланы табышкан. Ошондой эле алардын жанында кош бойлуу карын эне да болгон. Иликтөөнүн жыйынтыгында, ал балдардын атасы 24 жаштагы Мицуоки Сигэта болуп чыккан. Ал карын энелерге акча төлөп берип төрөтүп, ошондой эле сперманы да донорлордон алгандыгы аныкталган. Мындайча айтканда, Мицуоки Сигэта бул окуяда буюртма берүүчү болгон.

Териштирүүнүн натыйжасында, ишкерге 5 карын эне 19 бала төрөп берген факт ачыкка чыккан. Ал 6 баласын Камбоджа жана Японияга алып кеткен. Ал эми калгандары балдар үйүндө же энеси менен ар кайсы кыштактарда баш калкалап жүрүшкөн. Укук коргоо органдары Сигэта адамдарды же алардын органдарын сатуу менен алектениши мүмкүн деп шек санаган. Бирок ага далил таба алышкан эмес.

Айта кетсек, миллиардер карын энелерге ар бир бала үчүн 300 миң бат (Таиланд акча бирдигинен долларга которгондо 9515 доллар) акча берген. Карын энелер Кытай, Испания, Бразилия, Малайзия, Израиль жана башка өлкөлөрдөн алынып келген "донорлор" менен боюна бүтүргөн. Ал эми Сигэта менен иштешкен компаниялардын биринин жетекчисинин айтымында, миллиардер жылына 10-15 балалуу болууну пландаган.

Сот Мицуоки Сигэта мурда эч кандай кылмыш кылган эмес жана балдарды багууга мүмкүнчүлүгү бар экенин эске алып, балдарын топтоп, өзүнө кайтарып берди. Мындай чечимден кийин миллиардер балдар үчүн атайын үй, бала багуучу жана атайын медайым дайындаган. Азырынча Мицуоки Сигэта кандай максатта көп балалуу болууну каалагандыгы белгисиз. Ошентсе да, соттун чечими менен ал балдардын атасы да, энеси да катары жалгыз укукка ээ болуп калды.






Жылына 15 балалуу болуу планын ишке ашырган япониялык ишкер

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
20.02.2018. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Атан коруу аты эле укмушко
20.02.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Атына заты жарашкан неме го...
21.02.2018. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Respect.,вай ичим олтурдунго адамды боорду эзип
20.02.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Япошкалардын санын кобойтойун деген го Сигета
21.02.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Topchubai, донорлору башка адамдар экен Сигэтандын эч тиешеси жок экен Жалпак тил менен айтканда жат эркектердин уругун алып жат аялдарга салып балдарды туудурат экен Бул адам саткан кылмышкер Ошол менен бизнес кылганы билинип эле турат
20.02.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Атына тан калдымго
21.02.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кудай бериптирго биздикилерге))))))))
21.02.2018. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул адам саткан шумшук окшойт Тем более балдары карын энеден болсо Кудай сактасын мумкун жаш балдарды органга сатып байып журсо керек
21.02.2018. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Targarien,толук мумкун
21.02.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарнын биологический атасы Мицуоки озу болбосо, энелери "суррогат" болсо, ал миллиардер-ишкер жон гана заказчик экен . Бул жерде ар турдуу кырдаал болушу мумкун, балким озу балалуу боло албашы мумкун, балдардын органдарын сатышы мумкун же жон эле япон элинин санын кобойткусу келгендир. Бирок жылына 10-15 балалуу болууну пландаштырса, анда сатып байуу планында болгон. Эки жылда 30 бала,3 жылда 45 бала. Анча баланы эмне кылмак эле? 24 жаштагы жигиттин пландары кучтууго а?
21.02.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toolos1982, Dembele84, этика нормаларын сактаңыздар.
SUPER.KG видео
22.02.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
капырааай бул не деген шумдук бир жылда бир балалуу боло албай жургондор канча
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: